милиция

Бүгүн ИИМде 2014-жылдын оперативдик-кызматтык ишмердүүлүгүн жыйынтыктаган коллегия болуп өттү. Ага вице-премьер-министр А.Маматалиев, Ички иштер министри М.Турганбаев, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын, облустардын, район, шаарлардын ИИБ башчылары катышты. Коллегияда ИИМдин башкы штабынын начальниги Бактыгул Абдыжалиев, министрдин орун басарлары К.Сатыбалдиев, К.Асанов, Р.Жапаркуловдор реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Жетишкендиктер цифралар менен жетиштүү эле берилди. Мынча пайызга аткарылды, мынча көлөмдө иш жүрдү деген сөздөр менен кошо министрдин талабы менен иштеги кетирилип жаткан кемчиликтер да айтылды.

Алсак, 2014-жылы жалпысынан 6206 кылмыш иши ачылбай калган. Анын ичинен адам өлтүрүүдө 30 кылмыш иши ачыла элек. Коррупция боюнча ИИМге 22 министрлик бекитилип берилген, бирок бирөөнүн да коррупциялык схемасын ачышкан эмес. Чүй, Бишкектен башка бир да облуста коррупция боюнча кылмыш иши ачылган жок. Кадрларды тандоодо кемчилик чоң. Өз ишин билбеген 135 милиция кызматкери жумуштан бошотулган. Баңгизаттарды ташыган адамдардын 81% кылмыш ишин милициялар ачканы менен андан аркы иш кандай жүрүп жатканы билинбей калат. Кыргызстанда 10 миңдей наркомандар бар, акча болбосо бул багытта иштөө кыйын. Интерпол бир гана ИИМде түзүлгөн, бирок ишмердүүлүгү начар. Текшере келгенде анда иштеген 14 кызматкердин үчөө гана чет тилдерин билери аныкталган. 14 кызматкер англис, немис, түрк, араб, кытай тилдерин билсе деген талапты коюу керек.

Сымбат Максутова