мусор

Өткөн дем алышта Алматыдан келген досторум менен шаар аралап жүрүп, бир аз дем алалы деп шаардын чок ортосундагы улуу муундарга таазим эткен эстеликтерге келип, тегерегиндеги таштандыларды көргөнүбүздө өтө ыңгайсыз болдум.

Көрсө, эстеликтердин булуң-бурчтарындагы таштандылар баш кошушкан жаштардын, аларды коштоп жүрүшкөндөрдөн калган таштанды-натюрморттор экен. Жаштардын мындай чексиз адепсиздиктерине карата Бишкек шаарынын мэрлиги, ушул эстеликтер жайгашкан райондун жетекчилери, тез арада чечкиндүү чараларды көрүүлөрү керек.

Ал эми Түбөлүк отко келген жаштардын ичин ысыткан ар түрдүү ичимдиктерди, суусундуктарды, “недогон” болгондорго шампандарын, ичимдик ичкендерге алмадан ак куунун элесине окшотуп жасалган “закусондорун” сатышкан коммерциялык дүкөнчөлөр жаштардын кызматында. Аларга бир кезде ушул жаштардай кездеринде келечек муундардын бактылуу өмүр кечирүүлөрү үчүн курман болушкандар эмес, күнүмдүк, жаштардын капчыгынан сууруп калышкан тыйын-тыпыр алда канча жакындай…

Ыйык, элибиз таазим эткен Түбөлүк отту тегеректеген жаштардын сөз жебеген ызы-чуулары, ак тилек менен кийген аппак көйнөгү курбулары бошоткон бөтөлкөлөргө жер жайнаган ар кандай “закусондорго” тийип булганганына жаш жубай да кайылдай.

Деги жаштар бул ыйык жерге эмнеге келишет? Бир кезде өздөрүндөй эле жаштар алардын жакшы турмушта, бактылуу жашоолору үчүн өмүрүн кыйгандарды эскерип гүл коюу үчүнбү, же ичимдик ичүүгө жер жоктугунанбы? Мындай маданиятсыздык, адепсиздик жасагандарга айып пул салуу керек. А мындай практиканы көптөгөн өлкөлөр колдонуп келишет. А мүмкүн, шаардагы өтө белгилүү эстеликтерге видеобайкоо орнотуубуз туура болоор. Элдин айтымында, Жеңиш аянтына, Эмен паркына интернет онлайн коюлса, Түбөлүк оттун алкагында ичимдик ичип, шатыра-шатман болгон жаштар интернеттен өздөрүн көрүшсө, мындай терс иштерге барышпай калаар.

Бул маанилүү маселе – Орусияда жакшы жолго коюлган. Тагыраак айтканда, ири шаарлардагы маданий эстеликтерди, мектеп окуучулардан түзүлгөн коомдук патрулдар көзөмөлдөшөт. Алардын шаар башчылары, милиция кызматкерлери менен байланыша турган рациялары бар. Тартип бузгандар жолукса дароо милиция чакырышат.

Бир тууган Казакстанда ыйык эстеликтердин тегерегине таштандыларды ыргыткандар гана эмес, көчөлөрдө тамеки тарткандар айып пул төлөшөт. Ал эми Астанада бул олуттуу маселени көзөмөлдөө үчүн атайын байкоочу камералар орнотулган.

Эмнегедир, мамлекеттик, өзгөчө жаштар менен тыгыз иштеген структуралар бул олуттуу маселени көңүл сыртында калтыргандай.

Мектептерде, үй-бүлөлөрдө да бул жагдайда эч нерсе айтылбаганданбы, айтор, бири-бирине болгон сый-урмат, бөлөк адамдардын эмгегин баалоо унутта калгандай. Мындай кош көңүлдүктөн кантип айрылабыз? Баш кошушкандардын, аны коштогон жаштардын мындай терс жолдон тез чыгууларына коомчулуктун көңүлүн кантип бурабыз? Деги аларды ким оң жолго салат? Жаштар министрлигиби, нике каттоо жайыбы же милициябы? Мындай тартип бузуулары үчүн ким жооп берет?

Бактыбек Имамадиев