жер титирөө
Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн зыян тарткандын арасында 179 үй-бүлөнүн өзүлөрүнүн үйүнө укук бекиткен документтери жок. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда «Ата Журт» фракциясынын отурумунда, КР Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жетекчиси Нарынбек Исабеков билдирди.

Бузулган турак-жайларды изилдөөдөн кийин, алардын 179 укук бекиткен документтери жок экендиги аныкталды. Алардын 79 Мамкаттоо кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылышкан. 29уна баардык керектүү документтер берилди. Биз жума ичинде баардык кайрылгандардын мүлктөрүн каттоону пландап жатабыз»,- деди Исабеков.