бычак

Ысык-Көл облусунда өз баласын бычактаган эне кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 15-январда билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-январь күнү үй-бүлө ортосунда чыр чыгып, жабырлануучунун апасы ашкана бычагы менен аны сайып салган. Мунун кесепетинен ал ооруканага жеткирилген. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, юридикалык баа берүү үчүн материалдар тергөөгө жөнөтүлдү. 

Булак: super.kg