-Ыргал Кармышаковна, агаңыз Канжар Кадыралиев Сактан Келдибаевди коркутуп акча алгандыгы жалган, ал жөн гана агамды каралап жатат деп чыктыңыз, Сактан Келдибаевдер болсо, окуя чын экендигин айтышууда. Бул боюнча кимиңиздерге ишенсек болот?
-Дискредитация – коомдук ишмерди, саясатчыны жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн жамандоо жолу менен саясий карьерасына бөгөт коюп, элдин ишеничинен чыгаруу, каралоо. Бул методду саясатта атайын колдонушат. Мен алардын каралагынан эч коркпойм. Бирок, мындай каралоонун аягы жакшылыкка алып барбайт. Тарых тастыктагандай дискредитация методу колдонулгандан кийин кол салуу болот. Буга чейин канчалаган азаматтарыбыз ошондой «дискредитациянын», каралоонун курмандыгы болуп калышкан. Мен болгону ошондон гана корком. Калганы мен үчүн коркунуч эмес, мен мындан жаман каралоолорду, мындан жаман кол салууларды баштан кечиргем. Бул иш сөзсүз аягына чыгат. Эгер, агам күнөөлүү болсо, жазасын тартат.
-Бул окуя мындан ары эмне болот, аягына чыгабы?
-Албетте чыгат, укуктук баа берилет. Жалган маалымат таратуу, жөнү жок каралоо боюнча Жогорку Кеңеште мыйзам кабыл алынганда, мен журналисттерге, сөз эркиндигине чектөө болбосун деп, каршы добуш берген элем. Бирок менин каршы добуш бергениме карабай, ал мыйзам кабыл алынып калган. Эми ошол мыйзамдын негизинде, жалган маалымат таратып, каралагандар жоопкерчиликке тартылат деген ишеничтемин. Эгерде, теренирээк кызыксаңар, Башкы прокуратуранын тергөөчүсүнөн жеке беттешүү (очная ставка) протоколу менен таанышсаңар болот. Сактандын баштапкы көрсөтмөсү менен аягындагы көрсөтмөсү дал келбейт. Демек, Сактан жалган жалаа жапкан.
-Окуянын артында кимдир бирөө турат деп, бирок анын атын атаган жоксуз, эмнеге?
-Окуянын артында ким тургандыгын, аны ким уюштуруп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды мага беришти. Бул боюнча жакын арада журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, ошондо анын ким экендигин, аты жөнүн так айтып берем. Ал кандай метод менен саясий аренага бара жаткандыгын да ачыктайм.
-Ал саясатчыбы?
-Бул табышмак болуп турсун, эгер мен азыр айтып салсам, иштин аягына чыгуусуна, менин айтканым жолтоо болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, азыр айтпайм. Бирок, мени сүйүндүргөнү, мына жакында эле Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев тергөө амалдары бүткөнгө чейин Кадыралиев Канжарды жумушунан убактылуу четтетип, иштин реалдуу, таза изилденүүсүнө тапшырма берди. Демек, жакында чындык чыгат. Мен да буга ишенем. Бирок, ишти иликтөөгө алымыш эткен айрым журналисттер, иликтөөчүлөр атамдын короодогу тоогуна чейин санап, агамдын мектептеги таарынышкан балдарына, жаш кезинде сүйлөшкөн кыздарына чейин барып алып, арыз жазып кой деп суранганын, баш тартышса, коркутуп, акча сунуштаганга чейин барышканын угуп жатам.
-Сактан Келдибаев аганызды, «Менин карындашым Президент менен түз сүйлөшөт деп телефондон айтты» деп чыкты…
-Агам менен Сактан Келдибаевдин телефондогу сүйлөшүүсүнө жалпы Кыргызстан күбө болду. Сактан жана сүйлөшүүнү үйрөтүп жаткандардын агамды атайын провокация кылып, жаман сөздөрдү айттырууга аракет кылып жаткандыгына баарыңыздар уктуңуздар.
Мен Парламенттин депутатымын. Маанилүү элдин көйгөйү, социалдык оор маселелерди көтөргөндө фракция лидери болобу, парламенттин спикериби, Өкмөт башчы жана Президентибиз менен кеңешип, маселени чечип берүү – менин депутаттык милдетим.

Мирлан АЛЫМБАЕВ
Булак: “Фабула”