Вице-спикер Т.Зулпукаров: “Ачылып жаткан бала бакча кызматкерлерине эмгек акы республикалык бюджеттен каралышы керек”
“Ачылып жаткан бала бакча кызматкерлерине эмгек акы республикалык бюджеттен каралышы керек”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында билдирди.
“Тамак-аш жана башка муктаждыктар ата-энелер тарабынан чечилип жатат. Ал эми тарбиячылардын эмгек маяналары республикалык бюджеттен каралышы керек”,-дейт ал.
Мындан сырткары депутат, Өкмөттү жер титирөөдөн жапа чеккен Тоң, Жети-Өгүз райондорундагы социалдык обьектилерге, Чүй районунун Кош-Коргон айылындагы коркунучтуу абалдагы мектепке, Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн абалына көңүл бурууга чакырды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Комментарий кошуу