дамира Нияз

28-январда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапары алкагында Жети-Өгүз районундагы Дархан айылындагы  клубдун курулушунун жүрүшү менен таанышып, жалпы курулуш иштерин 2015-жылдын сентябрь айына карата жыйынтыктоону тапшырды.

Ошондой эле Дархан айылынын тургундары вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага Дархан, Чычкан жана Саруу айылдарын сугат суусу менен камсыздоочу дамбаны курууга 10 млн. сом бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Ал  бул маселени иликтеп, мүмкүнчүлүккө жараша дамбаны каржылоо маселесин чечүүнү убадалады.

Андан соң вице-премьер-министр Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы «Нур» бала бакчасында, Жалпы дарыгерлер медициналык борборундагы  төрөт, дарылоочу жана жандандыруу бөлүмүндө жана поликлиникасында болду. Аталган райондогу Оргочор айылдык Мамбет Тынаев атындагы орто мектептин, Оргочор айылындагы “Балалык» ресурстук борборунун иши менен таанышып чыккан  вице-премьер-министр мектепке чейинки тарбиянын жана борбор кызматкерлери аткарып жаткан иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

Вице-премьер-министрдин иш сапары Тоң районунда уланды.

Таалайбек ТЕМИРОВ