Эль1

Урматтуу маданият кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан баардыгыңыздарды бүгүнкү маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Маданият бул улуттун – уңгусу, маданият аркылуу гана улуттун улут, элдин эл, өлкөнүн өлкө экендиги аныкталат. Ал эми кыргыз элинде маданият улуу түшүнүк катары өзгөчө орунду ээлейт. Мындан бир нече кылым илгери калыптанган көчмөн кыргыз маданияты азыркы күндө да дүйнөлүк мурастын бир канаты катары жашап келет.

Азыркы ааламдашуу процесси, дүйнөлүк ар кандай чакырыктар маданиятты өзгөртүүдө, аны адамзаттык намыс катары сактап калууда эң татаал маселелердин бири болуп турат.

Маданиятты мамлекеттик саясаттын – башкы багыты катары карамайынча, биз өлкөнү руханий жактан сактап кала албайбыз. Дүйнө өз тарыхында көптөгөн кризистерди башынан өткөрдү, алар пайда болуп, мезгил – мезгили менен чечилип келе жатат. Аң сезимдин жарды болушу бул чоң трагедия. Руханий кризис – бул акыр заман сыяктуу кыйроо болуп эсептелет. Анда адамзатты эч ким, эч качан эчтекеден сактап кала албайт.

Коомубуздагы адамдык баалуулуктардын начарлашы – бул коомдун маданий деңгээлинин төмөн көрсөткүчүнүн бири. Биз бүгүн маданиятты мамлекеттик тармактын бир компоненти катары эмес, анын өзөгү катары карашыбыз зарыл. Ушуга байланыштуу бүгүнкү күндө маданияттын орду, анын мамлекеттик жана коомдук статусу менен аныкталат. Биздин маселебиз да ошол чен-өлчөм менен каралууга тийиш.

Ошону менен бирге, маданияттын бүгүнкү абалы, коомдук жана мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп жатат. Демек, биз коомдун руханий дүйнөсүн кармаган адамдар катары, өлкөнүн руханий абалына, деңгээлине, жан-дүйнөсүнө жооп берүү миссиясын алып отурабыз. Анткени, маданият – өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү ресурсу катары, коомдук аң-сезимге таасир этүүчү башкы фактор болуп эсептелет.

Ушул багытта маданий саясат калктын маданий продуктуларга болгон муктаждыктарын тийиштүү деңгээлде камсыз кылууда тиешелүү мамлекеттик органдын салымы чоң болушу зарыл. Маданий саясатты жүргүзүү миссиясы жүктөлгөн маданият министрлиги, анын республикалык, райондук структуралары, ага караган мекемелер алдыга чоң максаттарды коюп, мамлекет үчүн, эл үчүн алгылыктуу иштерди аткарууга милдеттүү экендигин баса белгилеп кетмекчимин.

Ошондуктан ар бир жетекчи милдетин так аткарып, жер-жеринде маданий ишмердүүлүктү колго алып, маданиятты өнүктүрүү, сактоо өркүндөтүү иштери менен иштеши зарыл. Маданият жетекчилери – мамлекеттик кызматтын адамы жана ошол жерде мамлекеттин маданий саясатын жүргүзүүчү инсан болуп калышыңыздар керек.

Урматтуу маданият кызматкерлери Сөзүмдүн аягында улуттун руханий байлыгын сактап, муундан муунга өткөрүп, аларды тарбиялап келе жаткан жана өлкөнүн аброюн эл аралык аренада көтөрүп келе жаткан маданият кызматкерлери – сиздердин иштериңиздерге чыгармачыл албан ийгиликтерди каалап, ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө бейкутчулук, тынчтык жана бакубат турмуш каалап кетмекчимин.

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!!!

деп  вице-премьер министр Эльвира Сариева 1-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнүндө филармониянын залында куттуктоо сөзүн айтты.