спид1
Биздин коомчулук белгилүү бир маселеге ошол тармактын кесиптик майрамы же ошого арналган күн болгондо гана көңүл буруп калабыз. Ошол сыңары апта башында, тагыраак айтканда 1-декабрь күнү бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күн белгиленип, адаттагыдай журналисттер бул темага көңүл буруп калдык. Көңүл бурганда кандай, ооз учунан маалымат катары учурда Кыргызстанда 6 миңден ашык адам ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганын, алардын арасында 400дөн ашууну жаш балдар экенин, Кыргызстанда ВИЧ жуктургандардын жарымынан көбү баңгизатын ийне саюу аркылуу колдонгондор экенин, ВИЧ илдети менен жашап жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү эркектер экенин гана жазабыз. Ал эми окурмандардын көбү ВИЧ эмне да, СПИД эмне экенин айрып биле бербейт. ВИЧ жуктуруп алыптыр десе эле болду, ал адамды жерип, жийиркенип, кээ бир учурда жашаган жеринен кууп ийгенге чейин барышат. Ошону эске алып биз бул теманы башкача өңүттө ачып берүүнү туура таптык.

Жалпы түшүнүк
СПИД менен ВИЧ бир түшүнүк эмес, адам баласы ВИЧ инфекциясын жуктуруп алып дарыланбай жүрө берсе, ал СПИДке айланып бул илдетке чалдыккан адам 10 жылга жетпей көз жумат. Ал эми ВИЧ (адамдын иммундук жетишсиздигин пайда кылуучу эң майда организм, вирус) жукчу болсо, ал адам антиретровирустук терапия менен өз өмүрүн уланта берсе болот. Антиретровирустук терапия деген өмүрүңдүн аягына чейин ичүүчү дарылар. ВИЧ менен жашаган адамдарды ЛЖВ деп коюшат. Алардын коомго эч кандай зыяны тийбейт. Себеби алар бирөөгө атайылап жуктуруудан качышат. Анткени бул факты далилденсе 5 жылга чейин түрмөгө отурат. А түрмөдөгү абал менен ансыз деле иммунитети алсыз болгон адам өлүп калышы мүмкүн. Ошону билгендиктен ВИЧти алып жүрүүчүлөр оору жуктурбастын бардык амалдарын аткарышат. ВИЧ чогуу тамактангандан, өбүшкөндөн, бир даараткана колдонгондон же мончого баргандан, тарак сыяктуу буюмдардан жукпайт.

ВИЧтин жугушунун үч жолу бар:

1)Кан аркылуу. ВИЧ илдетине чалдыккан адамга сайылган ийнени кайра таза кандуу адамга сайганда жугушу мүмкүн. Кан аркылуу жукканда вирусу бар кан канга тийиши керек. ВИЧ жуктурган адамдын канын ичип ийсеңиз, же каны териңизге тийип кетсе жукпайт. 

2) Энеден балага. ВИЧке кабылган эне вирусту балага кош бойлуу кезинде, төрөгөндө же эмчек эмизгенде жуктурушу мүмкүн. Көп учурда ВИЧ менен жашаган ата-энеден таза балдар деле төрөлүп өсүп жатат. 

3)Жыныстык жол. Эркектин спермасы аркылуу жана аялдан бөлүнүп чыккан суюктук аркылуу. Окумуштуулар себебин аныктай элек бир фактыга таянсак, кээ бир адамдарга ВИЧ такыр жукпайт экен. Божомолдорго ишенсек, кээ бир топтогу адамдар менен дагы бир топтогу адамдар кошулганда ВИЧ жукпай калышы мүмкүн тура.

Кантип аныкталат?
Адам баласы бул илдетти жугузуп алганын 3 айдан гана кийин биле алат. Бул убакта адамдын организми жанагы вируска каршы, андан коргоо максатында антителолорду иштеп чыгат. Бирок ал антителолор эч убакта ВИЧти жеңе албайт. Дал ошол антителолордун пайда болгону ВИЧтин жукканынан кабар берет. Эгер ооруну жуктуруп алганыңызды шектенип калсаңыз, дароо СПИД борборуна кайрылсаңыз, ал жердеги адистер сиздин айтып бергениңизди угуп көрүп, эгер жугуп калуу коркунучу болсо контакттан кийинки терапия жазып берет. Анын негизинде сиз 28 күн АРВ терапиясын өтүп, дары ичесиз. Дарылар оор отургандыктан, кусуп, кыйналып, ары барып бери келгенде, экинчи жугузуп алуучу кооптуу кошулууларга баргыңыз келбей калат. 
Адамдын канында ВИЧ-инфекциясынын болушун тесттердин, канга анализ жасоонун жардамы менен гана аныктоого болот. Алар атайын борборлордо же ооруканаларда жүргүзүлөт. Оң натыйжа (положительный) адамдын организмде антитело табылгандыгын, терс натыйжа антитело табылбаганын билгизет. Антитело табылбаса, терс натыйжа (отрицательный) сиздин ден соолугуңуз таза экенинен кабар берет. Сыртынан карап адамдын оорулуу же оорулуу эмес экенин аныктоо мүмкүн эмес.

Биз да окудук
ВИЧ темасын туура чагылдыруу максатында ПРООНдун атайын программасы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде үч күн окутту. Тренингдин башында баарыбызга бул тема жөнүндө канчалык билерибизди аныктаган суроолорду тараткан. Жооп бердик. Үч күн окуган соң, мурда бул маселеге байланышкан көп нерсени билбегенибиз анык болду. Ачык айтайын, жеке өзүм ВИЧке кабылса өлөт деп ойлочумун. АРВ терапия менен башка адамдар сыяктуу эле көп жыл жашай берсе болорун, ВИЧ жугары менен дароо 72 сааттын ичинде дары иче баштап андан толугу менен айыгарын, ВИЧти шилекей аркылуу экспресс тест менен заматта оорулуу же оорулуу эмес экениңди билип алса болорун, ВИЧке кабылгандардын өмүрүн узартуу үчүн эл аралык уюмдар акысыз АРВ терапиянын дарыларын жылына 300 миң доллар өлчөмдө алып берип турарын билдим. 


ВИЧ менен жашаган адам
Бул теманы ачып бериш үчүн сиздерге ВИЧ илдети менен 9 жылдан бери АРВ терапияны күн сайын кабыл алып жашап келе жаткан Сагын (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) менен болгон маекти сунуш кылабыз:
– Сагын, бул илдетке кантип кабылып калдыңыз?
– 2004-2005-жылдары мен жеке бизнес менен алек болуп аябай көптүм. Көпчүлүк жаштар сыяктуу түнкү клубдардан чыкпай калдым. Ал жактан эки кыз менен таанышып калдым. Бирөө белгилүү депутаттын кызы эле. Ошол кыз мени нашаа жыттап, героин колдонгонго үйрөттү. Героин сайынып жүрүп болгон байлыгымды түгөттүм. Бир күнү жанагы кыздардын бирөө мен күйөөм менен урушуп кеттим, буюмдарымды апамдыкына алып кетишим керек болуп жатат, ташышып койчу деди. Мен макул болуп эшиктин оозуна даярдалган жүктөрдү машинеге жүктөштүм. Көрсө, тиги кыз бирөөнүн башын айлантып үйүнө барып жатабыз деп уйкунун дарысын берип уктатып коюп, анан анын үйүн толугу менен тоногон экен. Мени кылмышка кошо катышкан катары 5 жылга соттоп ийишти. Ошентип түрмөдө жатып жуктурдум. Мени менен камерада эки жыл чогуу жаткан досум ВИЧ менен ооруганын мага айтпай ийнесин чогуу сайынганбыз. Жаза аткаруу мекемелеринин кыйнап тест тапшырууга мажбурлаганынан кийин гана ВИЧти жугузуп алганымды билгем.
– Героинди азыр да колдоносузбу?
– Азыр колдонбойм. Бул экинчи ирет ташташым. Биринчи таштаганда эки жыл сайынбай жүрдүм. Анан бир кыз чогуу эс алып жаткан жерибизден азгырып ийди. 
– Кантип таштадыңыз? 
– Метадон колдонуу менен. Бул сууга окшогон суюктук. Россияда муну да баңгизаты катары кабыл алышат. Көп өлкөлөрдө тыюу салынган. Муну илгери немистер согушта ооруну басаңдатуучу курал катары колдонушкан. Метадон героин сайынгысы келген адамдын каалоосун басат. Башкача айтканда “ломканы” сындырат. 
– Метадонду каяктан аласыңар?
– Атайын барып героин сайынганды токтотуп жатканыңды айтып катталсаң, сага жашыруун код берет. Ошол кодду атайын метадон берген жерлерге же аптекага барып айтсаң, сага өзүңдүн дозаңа жараша идишке куюп берет, ичип алып кете бересиң. Бул нерсе эл аралык уюмдар тарабынан каржыланат. Алардын максаты баңгизатын жок кылуу, эч болбосо азайтуу. 
– А эмнеге анда бул ушундай жакшы ыкма болсо биздин депутаттар каршы чыгып жатат?
– Парламентте да, Ак үйдө да наркобизнес менен алектенген чиновниктер отурушат. Эгер элдин баары метадонго өтүп, алардын героини өтпөй калса бизнестери токтоп калат. Ошону ойлоп метадон терапиясын колдобой жатышат. 
– Жеке жашооңузга келсек, бойдок экенсиз, үй-бүлө курууну максат кылдыңызбы?
– Менин абалымды түшүнүп, мага тие турган кыз табылбай жатат. Болбосо үйлөнөт элем, балалуу да болгум келет. 
– А интимдик жашоо кандай болуп жатат?
– Мен дайыма презерватив менен сактанам. Ушул убакка чейин презерватив менен бир да кызга жуга элек.
– Такыр эч кимге жугузган эмессизби?
– Бир ирет түнкү клубдан бир кыз менен таанышып, чогуу ичип анын үйүнө барып дагы ичип мас кезде чогуу жатып алыппыз. Эртең менен туруп төшөктө жатканыбызды көрүп башымды мыкчып отуруп калдым. Бул үчүн 5 жылга каматып ийген эчтеке эмес, мен куландан соо татынакай кыздын тагдырын бузганыма өкүнүп СПИД борборуна жетип бардым. Аларга абалды түшүндүрүп АРВ терапиянын дарыларын алып келдим. Тиги кызды ойготуп баарын жакшылап түшүндүрүп, 72 саатка чейин дарыларды иче баштасаң, 28 күн ичкенден кийин сага вирус жукпай калат, бул убакта мен дайыма жаныңда болом, коркпо деп түшүндүрдүм. Күнөөмдүү сезип ал кыздын жанынан бир мүнөт да алыстаган жокмун. Ошентип чогуу жүрүп, ал кызга болгон мамилем сүйүүгө айланып кетти. Тиги кыз ВИЧ менен жашасам деле макул, мен сени менен өмүрүмдү өткөргүм келет деди. Бир жыл чогуу жашадык, балалуу боло албай койдук. Тиги кыз менден кетип калды. Бир жылдан кийин текшерилсе ал кызга жукпаптыр. Доктурлар кээде ушундай боло берет, бир топтогу адамдарга белгилүү бир башка топтогу адамдардан жукпайт дешти. Таң калдым. Ал кыз азыр үй-бүлөлүү, бактылуу жашап жатат.
– А сиз өнөктөшүңүзгө ВИЧ менен ооруганыңызды айтасызбы?
– Эч ким айтууга милдеттүү эмес, жугузуп койсо гана жоопкерчиликке тартылат. А мен бул маселенин тегерегиндеги бардык нерсени жакшы билгендиктен, эч кимге атайылап жугузган эмесмин.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ, “Жаңы агым”