Путин122

Орусиянын президенти В.Путин бул тууралуу орус каналдарынын бирине берген интервьюсунда билдирди. Ал жакында Минскте кабыл алынган ок чыгарбоо келишими чыгыш Украинаны стабилдештирүүнүн эң жакшы жолу экенин кошумчалады. Украина орус аскерлери дале Украинада согушуп жатканын билдирүүдө. В.Путин бул жалган экенин бир нече жолу кайталады. В.Путин эгер “Минск макулдашуусу аткарылса, чыгыш Украина акырындан стабилдешип кетмек. Европа да Орусия сыяктуу муну каалабайт. Европанын бир четинде согуш болушун, айрыкча куралдуу согушту эч ким каалабайт”, – деп кошумчалады. В.Путин ошондой эле БУУнун коопсуздук кеңеши колдогондон кийин Минск макулдашуусу эл аралык укуктук документ болуп калганын да билдирди. Өткөн аптада козголоңчулар Дебальцеводогу стратегиялык маанилүү унаа хабын колго алганда бул Минск келишими коркунучта калды. Эки тараптын тең артиллериясын жана танктарын атышуу майданынан алып чыгууга эки аптасы бар. Алар апта соңунда тезинен оор курал-жарактарын алып кетүүгө макул болушкан. Бирок дүйшөмбүдө Украина аскерлери козголоңчулар урушту токтотпогонун, мындан улам оор курал-жаракты алып кетүүгө мүмкүн болбогонун билдиришти. Козголоңчулар Орусиянын Ата Мекенди коргоочулар күнүнө чейин чыгаары күтүлгөн эмес.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА