дзотчу1

СССР мезгилинде 23-февраль—Советтик Армиянын жана Аскер Деңиз флотунун күнү катары өзгөчө катуу майрамдалып келген. Ал эми анын башталышы  1943-жылы 23-февралда Советтик жоокер Александр Матросовдун өз өмүрүн кыйуу менен фашисттердин дзотун  денеси менен тосуп көрсөткөн өзгөчө эрдиги менен тыгыз байланышкан. Ошондогу көрсөткөн таң калычтуу эрдиги үчүн А. Матросовго Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген жана ошондон бери 23-февраль Мекенди коргоочулар күнү катары майрамдалып келет.

Буга чейин фашисттердин дзотуна биринчи болуп боюн улуту орус, Советтик жоокер Александр Матросов таштаганбы же улуту  кыргыз,  Советтик жоокер Чолпонбай Түлөбердиев таштаганбы деген бир топ талаш-тартыштар болуп келген. Тарыхка кайрылсак  Ч.Түлөбердиев укканды таң калтырган эрдигин 1942-жылдын жайында жасаса, А.Матросов өз эрдигин арадан бир жыл өткөндөн кийин, 1943-жылдын кышында кайталаган. Ал эми чын-чынына келгенде уккан адамды таң калтырган мындай эрдиктерди экөө тең биринчи жасабаптыр. Ал башка адам болуп чыкты.

Эмесе сөз башынан болсун. Улуу Ата Мекендик согушта Советтик жоокерлердин өз өмүрлөрүн кыюу менен жасаган шумдуктуу эрдиктери жөнүндө В.Маргелов атындагы Десанттык аба аскеринин жана атайын кызматтык көмөктөшүү Фондунун вице-президенти, «СВ-поиск» тарыхый изилдөө клубунун жетекчиси Сергей Звягин бир топ кызыктуу маалыматтарды жыйнаган. Согуштагы Советтик жоокерлердин эрдиктерине арналган жана тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу максатындагы макала  «АиФ» жумалыгынын 2015-жылдагы №7 санына жарыяланган.

Көрсө, биринчи  болуп душмандын дзотун өз денеси менен жаап тоскон  Великий Новгороддук  Александр Панкратов деген  советтик жоокер болгон.  Анын эрдигине арналып тургузулган эстелик менен стелладагы жазуу  А.Панкратовдун «матросовчулардын» биринчиси экендигин тастыктап турат. Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде  №1 «матросовчу» А.Панкратовдун эрдигин кийин 24 улуттардын өкүлдөрүнөн турган 437 Советтик жоокерлер кайталашкан.  Мунун ичинен үчөөсү аялдар болгон. Өз денеси менен душмандын дзотун жапкан 437 жоокердин ичинен 14 жоокер жасалган оор операциялардан кийин кайрадан сакайып чыгышкан. Советтик жоокерлердин өз өмүрлөрүн кыюу менен жасаган шумдуктуу эрдиктерин көрүшкөн фашисттердин эстери эңгиреп, духтары биротоло түшүп калган.

Эң жаш «матросовчу» улуту украин Пётр Алексеевич Филоненко болгон. Аны «полктун уулу»  деп эркелетип коюшчу. Филоненко 13 жашында өзүнүн денеси менен немецтердин дзотун тосуп, эрдик жасаган жана таң калычтуу керемет окуя жүз берген. Октор анын өмүрүнө маанилүү болгон органдарына эч кандай зыян келтирбей, ал  тирүү калган. Азыр  84 жаштагы согуштун ардагери Киевте жашап жатат.

Ал эми дагы бир Смоленскилик «матросовчу»  Алексей Очкиндин эрдиги менен тагдыры уккандарды аябай таң калтырган. Ал биринчи эрдигин Сталинград салгылашуусунда көрсөткөн. Советтик 57 жоокер немецтердин 1500 жоокерине каршы коргонуу согушун жүргүзүшкөн. Ушул салгылашууда  Алексей Очкин тирүү калууга мүмкүн болбогон оор жаракат алат. Душмандын огу желкесине тийип, көзүнөн чыгып кетет. Анын денесин куралдаш достору жыгачка крест катары байлап, Волга дарыясы менен агызып жиберишет. Кайрымдуу адамдар аны дарыя менен эс учун билбей агып бараткан жеринен таап алышып, аскердик госпиталга жеткиришет. Ал толук бир жыл дарыланып, сакайгандан кийин кайрадан өзүнүн аскердик бөлүгүн издеп  тапкан.

Айтылуу Курск салгылашуусунда Алексей Очкин куралдаш досторун коргоо максатында  душмандын дзотунун амбразурасына боюн таштайт. Салгылашуу аяктагандан кийин өлгөндөр менен жарадарларды жыйнап жүрүшкөн Советтик аскерлер дзотто араң дем алып асылып турган, колунда чеги ажыратылган гранатаны кармаган Очкинди байкап калышат. Этияттап гранатаны алышып, Алексей Очкинди аскердик госпиталга жеткиришет. Кийин ал Жеңишти  Прагада тоскон. Ажалы жетпесе адам өлбөйт деген чын турбайбы.

Кыскартып которгон жана даярдаган  Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад шаары