Каип Оторбаев

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болгон Кайып Оторбаевдин көзү өткөндүгү тууралуу кабарга кабыргасы кайышпаган адам болбосо керек деп эсептейбиз. Андыктан, 93 жаштын кырына чыкканга чейин өз өлкөсүнө, кыргыз журтуна ак ниет кызмат өтөп келген бул асыл адамдын басып өткөн өмүр жолуна бир аз саресеп салып өтүүнү туура көрүп олтурабыз.

Ал 1922-жылы 22-апрелде Кемин районундагы Тегирменти айылында жарык дүйнөгө келген. Октябрь революциясынын жол башчысы В.И.Лениндин туулган күнүнө дал келгендигине өтө сыймыктанып, абдан урмат-сый менен мамиле жасай турган. Анүстүнө, ата-энеси буга чейин алты уулунан төрөлгөндөн көп убакыт өтпөй жана жаш кезинде эле ажырап калуунун катуу кайгысын тартышкандыктан Кайып көз жарган күндөн тартып аны аласташып, бөтөн суук көздөрдөн коргошуп, көз тийбесин деп кыздын көйнөгүн кийгизишип, чачын албай өстүрүп, өрүп, оң кулагын тешип, алтын сөйкө тагышып, өзүнөн он беш жаш улуу эжеси Акима аны беш жашка чыкканга чейин жанынан карыш чыгарбай карап келген. Молдо чакырып келип, ал ага Кайып Мухаммед деп азан чакырып ат коюп, айтор узун өмүр, амандыгын тилешкен. Ошондуктан, балдарынан ажырап олтуруп жүрөктөрү үшүп калган ата-энеси ал кезде уулунун туулган күнүн белгилөөдөн чочуркашкан. Кийин беш жашында атасынан ажырап, жетим өскөн.

1936-жылы 7-классты бүткөндөн кийин Фрунзедеги коммуналдык-курулуш техникумуна окууга кирип, техник-куруучу адистигин алып чыгат, Өз кесиби менен иштеп жүрүп, 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтка тапшырып, өтүп кетет. Бирок, Улуу Ата Мекендик согуш башталып калып, окуусун андан ары улантууга мүмкүнчүлүк болбой, ошол жылдын декабрында Советтик Армиянын катарына чакырылат. Ал зениттик-артиллериялык бөлүктө катардагы жоокер, взводдун командири болот. Жашоодо кандай болсо, согушта да эрки бекемдигин көрсөтүп, көп эрдиктерди жаратат. Анын каармандыгы бааланып, 1943-жылы Кызыл Жылдыз күжүрмөн ордени менен сыйланат. 1943-жылдын сентябрында согушта жасаган баатырдыктары эске алынып, партиянын катарына өтөт. 1944-жылы “Каармандыгы үчүн”, 1945-жылы “1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгендиги үчүн” медалдары менен сыйланган.

Согуштан кайтып келгенден кийин билим алуусун улантууга умтулуп, 1946-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырыл, аны артыкчылык менен бүтүрүп, 1950-жылы СССР илимдер академиясынын география институтунун аспирантурасына кабыл алынат. Бир гана илимдин артынан түшпөстөн , аны спорт менен айкалыштырууга да убакыт табат. Ошол кезде ал Москванын “Спартак” футболдук командасында бир жыл ойногондугун жана таанымал футболчу болгондугун ушул кезге чейин даңаза кылып айтып келишет. Өзүнүн бир эскерүүсүндө ал кездин чен-өлчөмү менен алганда эң көп – 500 рубль, кийин өзүбүздүн Ленин заводунун жетекчилиги белгилүү футболист катары бул ишкананын футболдук командасында ойноого чакырып, айына 800 рубль, ошончо эле суммада сыйлык төлөп, айтор 2000 рублдей акча алып тургандыгын, бул ал учурдагы кызматкерлердин айлыгынан да бир топ жогору болгондугун айтып кеткен жери бар.

Ошентип, 1954-жылы диссертациясын ийгиликтүү жактап, ага география илимдеринин кандидаты деген илимий даража ыйгарылат. Мына ушул кезден тартып анын илимий ишмердүүлүгү Кыргызстандын жана анын райондорунун экономикалык географиясын комплекстүү изилдеп-үйрөнүүгө багытталат. Экономикалык жана социалдык география, өндүрүштүк күчтөрдү жайгаштыруу жаатында 400дөн ашуун илимий-изилдөө эмгектерин

жарыялагандыгын да белгилей кетүүбүз абзел. Андыктан, 1971-жылы ага география илимдеринин доктору илимий даражасы ыйгарылып, ушул эле жылы “СССРдин экономикалык географиясы” адистиги боюнча профессор илимий наамына татыйт. Ал эми 1979-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги болуп шайланат. Анын илимий кызыгуу чөйрөсүнө республиканы экономикалык райондоштуруу проблемаларын иштеп чыгуулар, калктын географиялык абалы, географиялык жана экономикалык илимдердин тарыхы багытындагы изилдөөлөр кирген. Ошондуктан, сегизинчи, тогузунчу жана онунчу беш жылдыктарда Кыргыз Республикасынын эл чарбасын өнүктүрүүнүн пландарын иштеп чыгууда академиктин сунуштары да эске алынгандыгын белгилей кетүүгө тийишпиз.

Мындан сырткары, илимий жана педагогикалык кадрларды, эл чарбасы үчүн адистерди даярдоого да татыктуу салымын кошуп келген. Ал илимдин 5 докторун жана 18 кандидатын даярдап чыгарган. Он жылдан ашуун убакыт Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болуп эмгектенген. Анын шакирттеринин бири, азыр таанымал ишкер, “Турар” басмасынын ээси Тилек Мураталиев устатынын ректор болуп турганында 1985-жылы университеттин даярдоо бөлүмүнүн студенттери үчүн географиялык атластардын топтомун өзүнчө сатып алып берүүдөгү чечкиндүүлүгүн жана сарамжалдуулугун, тактыгын жана эске тутуусунун күчтүүлүгүн ушунчалык ыраазы болуу менен эскерип жазгандыгын кыстара кетким келди. А устатынын мындай үлгү болоорлук сапаттарын тең бөлүшкүсү келген окуучулары, шакирттери жүздөп саналаары талашсыз чындык.

Ал советтик экономика илимдерин чет өлкөлөрдө далай ирет таанытуу менен илимий делегациялардын курамында дүйнөнүн көп жеринде, анын ичинде Бүткүл союздук “Билим” коомунун делегациясынын катарында кыргыз окумуштууларынын атынан Англияда, Францияда, Болгарияда, Румынияда, Чехословакияда, Кубада болгон. Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү менен катар коомдук иштерге да баш-оту менен аралашып кеткен. Кыргыз ССР илимдер академиясынын партиялык бюросунун мүчөсү, секретары, борбор калаадагы партиянын Ленин райкомунун бюро мүчөсү, Фрунзе шааркомунун жана Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болуп бир нече ирет шайланган. 1980- жана 1985-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болууга эки жолу ишеним берилген. Республикалык “Билим” коомунун президиумунун мүчөсү милдетин аркалап, Фрунзе шаардык “Билим” коомун жетектеген. 1980-жылы илимий билимдерди пропагандалоого кошкон зор салымы үчүн ал Бүткүл союздук “Билим” коомунун эң жогорку сыйлыгы – академик С.И.Вавилов атындагы медалын алууга татыган. Тынчтыкты коргоонун республикалык комитетин да узак жылдар бою жетектеп турган.

Кайып Оторбаевдин СССР өлкөсүнө, эгемендүү Кыргызстанга сиңирген бараандуу жана натыйжалуу эмгектери өз убагында татыктуу баасын алып, бир нече ордендер жана медалдар менен сыйланган. Алардын арасындагы II жана III даражадагы “Манас” ордендери эле не деген сыймык жаратат. Ал эми спортту өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы эске алынуу менен 1997-жылдан бери Кайып Оторбаевдин ысмындагы байге үчүн мини-футбол боюнча эл аралык мелдештер жыл сайын өткөрүлүп келе жаткандыгын анын спорттук өмүр-таржымалына берилген чоң баа жана урмат-сый катары кабылдасак болот.

Кайып Оторбаев жашоодо, иште-кызматта гана үлгү болбостон, өмүрлүк жары Мария Токтогуловна Нанаева менен биргеликте бактылуу үй-бүлөнүн очогунун отун өчүрбөй, балдарына да татыктуу тарбия бере билген камкор ата катары да эсибизде кала берет.

Бул түгөйлөрдүн туну Жоомарт Оторбаев атанын уулу атагын алыска чыгарып, илим-билимге сугарылып, илимдин доктору, профессор болуп, бүгүнкү күндө Кыргыз Өкмөтүн жетектеп жатат. Апасы Мария өзү мага окшош, а ички турпаты бүт бойдон атасынын эле өзү деп эскергениндей ал ата жолун уланткан өтө интеллигенттүү жана абдан тарбиялуу жаңы замандын нагыз инсаны катары тарых барагында жазылып кала берээри бышык.

Бир келген бул жашоодо чынчыл, таза жана санжыргалуу өмүр сүрүп өткөн, улуу адам деген атка бардык тарабынан татыктуу болгон жана төрт тарабы төп келишкен өз Мекенинин чыныгы жана асыл уулу Кайып Оторбаевди кезинде ал өзү ректор болуп иштеп кеткен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги акыркы сапарга узатууга аны билген жана акыркы ызаат-зыйнатын көрсөтүп калууну өз парзы катары сезген замандаштары, миңдеген улуу-кичүү адамдар келишип, басып өткөн жолун чын ниеттен эскеришти. Ошентип, артында өчпөс из калтырган Кайып Оторбаев Ала-Арча көрүстөнүнөн түбөлүк жай тапты. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Таалайбек ТЕМИРОВ