сейсм Na-territorii-Uzbekistana-zafiksirovano-zemletryasenie

Өлкөдөгү Сейсмология институту келаткан жыл ичинде Кыргызстанда күчү 7-8 баллга жеткен жер силкинүүлөр болушу мүмкүндүгүн айтат. Бул кайсы аймактарда жана качан катталышы ыктымал деген суроо көпчүлүктү кызыктырбай койбойт. Дегеле, табигат кырсыктарынын эң коркунучтуусу болгон жер титирөө эмнеден улам жана кандай шарттарда күтүлөт, сейсмология илими жер титирөөнүн алдын ала маалымдоо үчүн мүмкүнчүлүгү канчалык экендиги туурасында сурап, институттун директору Канат Абдрахматовго кайрылдык.

– Канат Эрмекович, Кыргызстан сейсмикалык жактан активдүү мезгилге кирди, 2015-жылы силкинүү очогундагы күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөөлөр күтүлүшү ыктымал деп айтып чыктыңыз. Бул өлкөнүн кайсы аймактарында байкалышы мүмкүн?

– 14-ноябрда Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай аймагында болгон жер титирөөдөн кийин баары келип менден “эмки жогорку чыңалуудагы жер силкинүү каякта болот, качан болот” деп сурап жатышты. Мен аларга “ушул жылдын аягында, келаткан жылдын башталышында Кыргызстандын аймагында 7-8 баллга жеткен жер титирөөлөр каатталышы ыктымал” деген жообумду бердим. Бул божомолдор жөн жерден айтылбайт. Сейсмикалык изилдөөлөрдөн улам ушундай прогноз берилет. Кажы-Сайдагы жер титирөөдөн 3 күн өтпөй, Алайда 6 баллдык жер силкинүү катталды. Негизи, жер титирөөнүн болушун алдын ала билдирген жабдуулар жок дегенибиз менен биз айткан божомолдордун дээрлик 75-80%ы туура чыгып жатат. Бирок, прогноздун да өз убактысы бар. Эгерде, 100 жылдыктын арасында чыңалуусу 8-9 баллга жеткен жер титирөө болот десем, анда мен жаңылбайм. Бул убакытта сөзсүз жер титирөө катталат. Бирок, бир жыл аралыгында же, келаткан апта аралыгында мынча балл жер титирейт деп так айтуу кыйын. Так айтканга техникалар жетишсиз. Ошондуктан, божомолдоп айтканга туура келет. Сейсмикалык статистика деген бар. Ошого таянып, бир жыл ичинде 3 миңге жакын жер титирөө болсо, анын 10-15 чактысы 3-4 баллга жеткен жер титирөөлөр деп айтып жатканыбыз ошондон. Бул деле так чыгып жатат.

Жыл ичинде 3 жолу сейсмикалык активдүүлүк күчөйт. Бул декабрь менен январь айларында бир жолу, экинчиси апрелдин аягы жана майда, кээде июнга жылып кетиши мүмкүн, үчүнчүсү, сентябрда, кээде октябрда болот. Мына ушинтип жылына 3 жолу активдүүлүк катталат. Азыр биз биринчи активдүү мезгилге кирдик.

– Эмне себептен туура 3 жолу катталат?

– Анткени, жер шары тоголок формасында, өз огунда айланып турат. Айланып жатканда жылына эки жолу 0,001 секундга айланышы күчөп, же басаңдап калат. Буга башка космостук процесстер, Ай да таасир этет. Демек, бул нерсе жылына эки эле жолу: апрелде, анан ноябрда болот. Ошондо толкундар пайда болот. Жердин айланганы азайып, же күчөп тургандыгынан айлардагы жылыштар болот. Жылышканда, плиталар ылдамдап, кайра токтоп турат да.

– Дегеле, жер титирөөлөр эмнеден пайда болот?

– Жер шарында 6 чоң плита бар. Биз эки плитанын ортосундабыз. Тескей жактан Индия плитасы, бери жагыбыздан Казак плитасы келет. Ортосунда биздин тоолор. Эки плита түртүлүшкөндө ортодо тоолор пайда болот. Бизди курчап турган тоолор ушулар. Индиялык плита биздин тоолорду жылына 5 см ылдамдыкта түртүп турат. Түрткөн учурда жерде тектоникалык чыңалуулар пайда болот. Алар топтолуп-топтолуп, анан акырындап жер титирөөлөр менен бошоп турат. Канчалык майда-майда бөлүкчөлөр менен бошосо, анчалык эмес жер титирөө болот, ал эми чоң бөлүкчөлөр менен бошосо, чыңалуусу жогорку баллдагы жер силкинүү болот. Тоолор катуу катмарлардан тургандыктан, плиталар түртүлүшкөндө жаракалар кетет. Ошол жаракалардын кайсынысы жылып кетет, топтолгон чыңалуулар кайсы жаракадан жана качан бошоорун билүү кыйын. Эгерде, чыңалуу кайсы жаракадан бошоорун биле алсак эле, жер титирөө кайсы аймакта болоору белгилүү болот эле. Аны билүү үчүн ар бир жаракага техникалык жабдууларды орнотуу керек. А бизде мындай жаракалар көп да. Баарына тең жабдуу алганга чамабыз чакталуу. Азыр 88-жылкы жабдуулар менен иштеп келатабыз. Эскилиги эбак жеткен. Бирок, мактана турган да жагыбыз жок эмес. Эки жыл мурун жер титирөөнү каттаган заманбап техникалык жабдуулар менен камсыз болгонбуз. Норвегия бизге жардам кылып, ар бири 46 миң АКШ долларына бааланган 18 жабдуу берген. Булардын жардамы менен жер титирөө болуп өткөндөн кийин 3 секунддан кийин эле каттай калып жатабыз.

– Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай аймактары өзгөчө кооптуу болуп келген. Буларда абал кандай болот?

– Эгерде эң кооптуу жагынан санасак, башкача айтканда, категория жагынан алсак, эң биринчи кооптуу аймакка Чоң-Алай, Алай аймактары кирет. Экинчиден, Ысык-Көл аймагынын күн чыгыш тарабы, үчүнчүдөн, Чүй өрөөнүнүн күн чыгыш тарабы жер титирөө күтүлүшү ыктымал деген аймактар болуп саналат.

– Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөнүн алдын ала билчү аппараттарды Кыргызстандын ыкмасына киргизүү долбоорлору учурда каралып жатканын айтты эле. Бул системаны киргизсек, жер титирөөдөн улам кыйроолор болушун кыскартабы?

– Бул системаны киргизүүнүн жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Жакшы жагы, жер титирөөнүн болоорун радиодатчик жер алдынан келүүчү толкундардан алда канча эрте маалымат берет. Жаман жагы, бул система 8-9-10 баллга жеткен жер титирөөлөр көп болгон өлкөлөр үчүн гана ылайыкташкан. Анткени, радиодатчик канча баллдык жер титирөө болбосун, автоматтык түрдө электричествону да, суу агрегаттарын да өчүрүп салат. Күчү анчалык эмес, кыйроо, талкалоо жаратпай турган силкинүүлөрдө да ушундай болот. Бул радиодатчик деген майда силкинүүлөргө деле реакция кыла берет. Электр жарыгы, суу агрегаттары өчкөн сайын кайра туташтыруу үчүн убакыт да кетет, азырынча адистерибиздин бул боюнча түшүнүгү да жок. Тилекке каршы, азыр биздин жарандарыбыз катуу жер титирөөдөн кантип сактануу керектигин жакшы билишпейт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда, жер-жерлерде эл арасында ар кандай тренингдерди бир айда 2 же 3 жолу өткөрүп келгени менен деле эл түшүнүп, ошол боюнча иш кылып жатышкан жок. Жер титирөө болду дегенде эле эл коркуудан улам ызы-чуу кылып жиберишет. Коркот, эшикке качат, чуркайт, кыйкырат. Абдан корккондо 8-9-кабаттан секирген учурлар деле болуп жатат. Жүрөгү ооругандар инфаркт болот. Ызы-чуулар ар кандай терс көрүнүштөргө өбөлгө болушу ыктымал. Ушунун баарын эске алуу керек.

Азырынча бул система Түркиянын Стамбул шаарында иштейт. Японияда жылына бир нече ирет жер титирейт. Бизге караганда 3-4 эсе көп. Бирок, аларда бул система иштебейт. Эмне үчүн дегенде, алар дагы радиодатчик майда силкинүүлөргө деле реакция кыла берээрин эске алышкан. Улам-улам приборлор өчө берсе, иш артка калат деген принципти карманышат. Бирок, алар жер титирөөдөн сактануунун башка жолдорун издешкен. Айтсак, алар адам өмүрүнө залакасы тийбесин, кыйроолордон өлүм азыраак болсун үчүн көп кабаттуу үйлөрдү пластикалык кирпичтер менен курушат.

– Биздеги сейсмология тармагындагы жер титирөөнүн алдын ала билүү мүмкүнчүлүгү канчалык?

– Азырынча жер титирөөнүн болоорун алдын ала маалымдай албайбыз. Биздеги сейсмология илиминин деңгээли ага жете элек. Жер титирөөнү алдын ала айтыш үчүн биз биринчи кезекте 3 суроого: качан, кайсы жерде, кубаттуулугу кандай болот деген суроолорго жооп беришибиз керек.

– Бул суроолорго жооп бериш үчүн эмне тоскоол болууда? Адистер жетишсизби, же техникалык жабдууларбы?

– Ошол эле өнүккөн Япония өлкөсүн алып көрөлү. Каражаты бар, техникасы мыкты, жабдуулары деле жетиштүү. Ар бир чарчы чакырымда бирден жабдуу орнотулган. Бирок, алар деле алдын ала биле албай жатышпайбы. 2011-жылы күчү 12 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын аркасында цунами каптады. Аны деле алдын ала билишкен жок да. Табигый кырсык болоорун Кудайдан башка эч ким билбейт экен. Ал эми бизде Японияга караганда жабдууларыбыз кыйла аз. Суунун өлчөмүн ченеген 5 станция, анан электромагниттик талаалар деп коет, ошондой 5 станция, жалпысынан 10 эле станциябыз иштейт. Ал эми жабдууларыбыз Союз кезинен беркиси.

Ал эми кадр жагынан да абалыбыз көңүл жубатаарлык эмес. Бул тармак боюнча жаш кадрлар жокко эсе. Анткени, айлык акы аз. Илимдер академиясын реформа кылабыз деп жатышат. Реформа кылган туура, бирок таптакыр жаап салуу туура эмес. Илими жок мамлекет, эл болбойт. Экинчиден, иштин жыйынтыгын сурагандан мурун, аларга бирдеме бериш керек да. Айлык акыларды көбөйтүп, жыл сайын максаттуу пландарды ишке ашырганга каражат бөлүп берсе, адистерге кызыктыруучу сыйлыктарды коюп берсе, биз деле жыйынтык чыгаруу үчүн иштейт элек. Өзүм жөнүндө эле айтайын. Мен илимдин докторумун, директормун, айлык акымдын суммасы 10 миң сомго жетпейт. Докторлугум үчүн 600 сом кошумча акы алам. Муну көргөн жаштар келмек беле? Кызыккандар, “мага айлык керек эмес, мен сейсмика илимине кызыгам, жер титирөө кантип болоорун түшүнгүм келет” дегендер эле келип жатышат.

 Динар ТУРДУГУЛОВА