Айдарбеков1

Бүгүн, 4-декабрда Улуттук филармонияда коомдук жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 130 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага вице-спикер Төрөбай Зулпукаров катышып, Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбековдун куттуктоосун окуп берди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

 Урматтуу замандаштар! Кадырлуу меймандар!

 Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Иманалы Айдарбековдун 130 жылдык маарекесинин салтанаттуу белгиленип жатышы – мааниси зор окуя. Алгачкы кыргыз мамлекетин түптөөгө түздөн-түз катышкан улуу инсан И. Айдарбековдун эл алдында өтөгөн эмгеги өз баасын алып, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов сындуу тарыхый инсандардын катарынан өз ордун тапты.

Иманалы Айдарбеков өз заманынын билимдүү, жаңычыл көз караштагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин бири болгон. Анын өмүр жолу тунгуч кыргыз мамлекетинин түзүү жана түптөө менен тыгыз байланышкан. Ал Революциялык комитеттин төрагасы катары кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушу, анын юридикалык жактан таанылышы жаатындагы улуу демилгечилер тобунун алдыңкы сабында турган.

Кыргызстандын туңгуч мамлекет башчысы Иманалы Айдарбеков катаал замандын капшабына кабылып, тагдыры канчалык трагедиялуу болсо дагы, анын ысмы улуттук тарыхыбыздын алтын барагында жазылып калды. Быйыл Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 23 жылдыгына карата ордо калаанын чок ортосунда жайгашкан Мамлекеттик ишмерлер аллеясындагы алгачкы кыргыз мамлекетин түптөө башатында турган инсандардын катарында айкели орнотулду. Бул Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылындагы мыкты жөрөлгөлөрдүн бири болду.

Иманалы атанын өмүрү – келечек муун үчүн өрнөк. Анын эли үчүн жасаган эбегейсиз эрдиги чыныгы атуулдук ариеттин бийик үлгүсү катары кала берет!