Азыркы учурда доллардын кунунун көтөрүлүшү тышкы жана ички факторлордун таасиринин уланышы менен түшүндүрүлөт. Бул тууралуу Tazabek басылмасына Улуттук банктын басма сөз кызматынан маалымдашты.

 

Көзөмөлдөөчү орган, аталган факторлордун катарындагылардан долларды бекемдөө боюнча бүткүл дүйнөлүк тенденцияны, Украинага байланыштуу Россияга каршы киргизилген санкцияларды, жыл башынан бери нефтиге карата баанын 107,63 доллардан 86,19 долларга чейин төмөндөшүн атады.

 

Банк ички факторлор катары, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык мейкиндикке кирүү планы менен байланыштуу болушу мүмкүн болгон импорттук товарларга төлөмдүн жогорулашын кошумчалады.

Булак: Баракелде