характер1

Адамдарга анын туулган айына карата да мүнөздөмө берүүгө болот. Мындай ыкма көбүнчө тибет, кытай календарларына таянып, берилип жүрөт. Бирок, дүйнөдөгү бир катар изилдөөчүлөр туулган айына карата берилген мүнөздөмө көбүнчө адамдын чыныгы мүнөзү менен дал келээрин белгилешкен. Эмесе, төмөнкүгө баам салып көрөлү:

Январь – дайыма бир ойду көп ойлогон, жек көргөн адамы менен сүйлөшпөгөн, көңүлүнө жаккан адамын гана жанына жууткан адамдар.

Февраль – сүйүү сезимдерин урматтаган, ачык, мүнөзү өзгөрүлмө, азыраак ачуулуу, бирөөнү ызалантканды жакшы көргөндөр.

Март – такай бир ой басып жүргөн, кыялы шашма, сөздү айтып, артынан өкүнүп калган, тез капа болгон, көзү жаштуу, жакшы болууга умтулган, бир ою ордунан чыкпаган адам.

Апрель – жашоосунун көбү кыйынчылык менен өткөн, адамга жагымдуу, маңдайы жарык, сүйүүнү сыйлай билген, бактысы үчүн күрөшкөн адам.

Май – жайдары, сүйкүмдүү, азыраак мактанчаак, туруксуз, бирок, көп сапаттарын бирөөгө билгизбеген адам.

Июнь – ачуулуу, колу берешен, кыялы терс, турмуш жолу бактылуу, жеңил мүнөз адам.

Июль – шартка жараша өз мамилесин өзгөрткөн, көпчүлүккө жугумдуу, ичинен көп ойлонгон, өз бактысына ишенген адам.

Август – берешен, оомо, адамды сыйлай билген, ачык-айрым, сүйкүмдүү, таарынычы бат жазыла тургандар.

Сентябрь – сөзүнө турган, бир нерсени бетке айткан, сырын ичине катып жүрө берген, киши менен бат тил табышып кете турган адамдар.

Октябрь – берекелүү, өзүнө-өзү ишенген, азыраак ачуулуу, бирөөлөрдү кемсинткенди жакшы көрөт.

Ноябрь – бирөөнү кемсинткен, көп ойлонгон, ички сырын эч кимге чыгарбаган, өз баркын өзү билген, турмуш жолу бактылуу адам.

Декабрь – көңүлсүз, сүйүүсү кусалык менен өткөн, оор-басырыктуу, адамга өз адамкерчилиги менен жаккан адамдар.

Динар Турдугулова