турсунбай Бакир уулу1

Депутат Турсунбай Бакир уулу  жума күндү  дем алыш күн деп жарыялоо маселесин 2 жылдан  бери  көтөрүп келүүдө.  Анын Эмгек кодексине ушундай өзгөртүүнү караган мыйзам долбоору комитеттин колдоосун тапкан жок, бирок комитет аны палатанын кароосуна жиберүү чечимин кабыл алды.

Депутаттын  айтымында бардык мусулман өлкөлөрүндө жума дем алыш күн болуп эсептелет. Кыргызстандын калкынын 85%ы мусулман болгондуктан бул канчалык татаал мыйзам болсо да эртеби-кечпи аны кабыл алышыбыз керек,-дейт ал. Депутат жума намаз чак түшкө туш келгендиктен,  эгерде  адам жумушта болсо ал намазга бара албай калат, барса жумушу калат деген пикирин карманууда.  Кошумчалай кетсек, мекемелерге намазканаларды ачуу да  депутат мырзанын демилгеси болгон эле.  Ошондой эле калктын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөнүнө карабай биз ислам мамлекети эмеспиз.   Жума күндү дем алыш деп жарыялоо менен бардык жарандарды  мыйзамдуу түрдө ушуга үндөө  болуп калбайбы деген суроо туулбай койбойт.

Бегим ТУРДАЛИЕВА