презид1
 Президент Алмазбек Атамбаев КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамына кол койду, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 14-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – өз укуктарын жана коомдун же мамлекеттин  мыйзам тарабынан корголгон укуктарын коомдук коркунучтуу  кол салуудан активдүү коргогон адамдардын укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин айрым жоболорун өркүндөтүү.

Мыйзамда  КР Кылмыш-жаза кодексинин коргонуу зарылдыгы тууралуу 36-беренеси жаңы редакцияда баяндалат жана турак жайдын кол тийгистигин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган 137-беренеге өзгөртүүлөр киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.