Султанов Калыкбек

Үстүбүздөгү жылы Балыкчы-Кочкор-Арал-Суусамыр автожолунун техникалык-экономикалык негиздемеси үчүн жана деталдык долбоорлоого каражат алуу максатында Азия Өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов билдирди. Анын айтымында, Арал-Суусамыр автожолунун курулуш иштерине 85 млн. АКШ долларын Евразия Өнүктүрүү банкы каржылоого макул болгон. Каржылоо маселеси чечилээри менен курулуш иштери башталмакчы. Бул боюнча министр К.Султанов: – “Республикадагы автожолдорду куруу жана аларды реабилитациялоого алып жаткан кредиттердин суммасы көбөйүп, тышкы карыз ички дүң продукциясынын (ИДП) дээрлик 60%ын түзүп калганын айтышкандар бар. Жолдорубуз оңолмоюн, өлкөбүз өнүкпөйт. Кредит алуудан коркпошубуз керек. Дүйнөдө миллиарддаган акча жүгүртүүлөр менен белгилүү компаниялар бар. Алар да өз убагында кредиттердин эсебинен өнүккөн жана мамлекет да ушинтип өнүгөт. Анын үстүнө азырынча бизге көп өлкөлөр үстөгү аз жана грант түрүндө каражат берип жатышат”, – дейт.

Ошондой эле ал Кыргызстан-Кытай темир жолун өлкөнүн түштүгүнө жана азиялык рынокко чыгууга жол ачуу үчүн аны Балыкчы бутагы менен бириктирүү пландалып жатканын кошумчалады. Мындан тышкары министрлик тарабынан 2014-жылы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары иштелип чыгып, Өкмөттүн токтому менен бекитилгенин, ал документте аталган ишкананы реформалоо каралган. “Кыргыз почтасында” реформа жүргүзүүгө 5,55 млн. доллар Бүткүл Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн. Анын ичинен 3,93 млн. доллары жеңилдетилген насыялык, 1,62 млн. доллары гранттык негизде. Реформанын алкагында ишкананын каржылык менеджмент системасын жана каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү модернизациялоо, ошондой эле 400 почта байланыш бөлүмдөрүн автоматташтыруу жакшы жолго салынат. Бул боюнча долбоорлор 2018-жылдын аягына чейин ишке ашат”, – дейт К.Султанов.

Динар ТУРДУГУЛОВА