бензовоз кулап кетти

 Токтогул районунун Чычкан капчыгайында 4-мартта саат 15:38 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында Бишкек шаарынан келе жаткан (мамлекеттик номери 16-10 ZА) үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа 35 тонна бензини менен оодарылып болжол менен 20 тонна бензин 500 метр жерге агып кеткен, бирок сууга түшкөн эмес. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы 5-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, төгүлүп жаткан бензинди токтотууга жардам беришип, өрт чыгып кетпесин деп байкап турушкан.

Күйүүчү май ташуучу унааны транспорт кызматы (ЖЭМ-23) тарабынан 1 жүктөгүч тартылып унааны тургузушкан.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.