дети
 Токмокто өзүнүн аталаш карындашын зордуктап салган киши кармалгандыгын бүгүн, 22-январда АКИpress агенттигине укук коргоо органдарындагы булактар маалымдады.

ИИМден бул фактыны тастыкташты. Түзүмдүн билдиришинче, 11-январда милицияга 10 жаштагы кыздын энеси кайрылган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 45 жаштагы К.Н. кармалган.

«Кармалган жаран кыздын аталаш агасы. Ал 11-январда кызды дачага алып барып, унаада зордуктаган», – деп билдирди укук коргоо органдарындагы маалымат булагы.

Аталган факт боюнча кылмыш иш козголду. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө улантылууда.