кой
 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын Сагынбаев көчөсүндө жайгашкан мал сарайдан өрт чыгып, анын ичиндеги 15 баш кой, жанаша жайгашкан 20 чарчы метр үйдүн чатыры, эки бөлмөсүнүн жыгач шыбы, 3 терезе жана эшиктери күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 13-декабрда билдиргендей, өрттүн себеби электр жабдууларын куроо эрежелеринин бузулушу менен байланыштуу болгон.