Боронов

Өткөн 10 айда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго расмий сайт аркылуу 60 жаран кайрылган деп билдирет КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы

2014-жылдын 10 ай ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайтындагы (“mes.kg”) министрдин блогу аркылуу 60 жаран ар кандай сунуш-суроолор жана арыз-даттануулары менен кайрылышкан.

Алардын ичинен КРнын ӨКМнин ишмердүүлүгүнө байланыштуу -14, ар кайсы жогорку окуу жайлардын студенттеринен-8, кызматтык мүнөздөгү -21, жеке мүнөздөгү суроолор менен-15 жаран, коррупцияга байланыштуу-2 жаран кайрылышкан.

Ошондой эле министр Кубатбек Боронов кайрылган жарандарга өз учурунда тиешелүү жоопторду берген. Кайрылгандардын көпчүлүгү кырсыктардан жабыркаган турак жайларына мамлекеттен берилүүчү узак мөөнөттүү ссудаларды алууга көмөктөшүүнү, кооптуу аймактарга жардам көрсөтүүнү, кызматка жайгаштырууну, студенттер ӨКМге практикага чыгууну суранышкан. Айрым учурда ӨКМнин кызматкерлери эмгек акы жана өз тикелей жетекчисинин кылык-жоруктары тууралуу да министрге блог аркылуу маалымат беришкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтындагы “Министрдин блогу” аркылуу өлкөбүздөгү табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында, жана министрликтин жалпы жүргүзүп жаткан жумуштары, кызматкерлердин иштерине болгон мамилеси тууралуу жарандарыбыздын көйгөйлүү маселелери жана каалоо-тилектери боюнча түздөн-түз министр Кубатбек Бороновго кайрылып, жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, андан сырткары министрликтин 0(3222) 2-27-66 ишеним телефону да иштейт. Белгилей кетчү жагдай, министрликтин расмий сайтына “Министрдин блогу” ачылгандан кийин жарандар ишеним телефону аркылуу кайрылбай эле, министрге расмий сайт аркылуу кайрылып калышкандыгы байкалды.