Жумакадыров

2015-жылдын 21-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумакадыров Темир Курмангазиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Буга чейин  Темир Жумакадыров Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеген.

Мамлекет башчысы Темир Жумакадыровду Кыргыз Республикасынын күч органдарынын жетекчилерине тааныштырып, анын ишине ийгилик каалады.