Арапов1

Теле алып баруучу Шайырбек Арапов менен маек

-Чыгармачылык, анын ичинде теле жаатына 2005-жылы келгем. Жаңы келгенимде, маданий- музыкалык прогаммаларды “Браво”,  “Капкан шоу” программаларын алып чыгып, аталган программалар аркылуу күйөрман журтумду таптым десем жаңылышпайм. Андан кийин жаш режиссер Бекбол Кылычбеков экөөбүз тандем түзүп, ал режиссер, мен алып баруучу катары үч жыл эфирден кеткен, аз убакыт аралыгында көрөрман топтогон “Унуталбайм” теле новелланы алып чыкканбыз. Аны менен катар “Балдардын сынагынан сынбайсыңбы”, “Муз Обо” программаларын жана  майрамдык шоу программаларды алып барып жүрдүм.

-Ал эми учурда Коомдук каналдын  “Жаштар” редакциясын жетектеп келесиз, өзгөчөлүк болот бекен?

2012- жылы “Жаштар” редакциясынын башкы редакторлугуна келдим. Бардык жумушта жоопкерчилик башкы орунда болот эмеспи. Анын сыңары, маданий- музыкалык, интеллектуалдык программалардын үстүндө “Жаштар” редакциясы иш алып барат.

Арапов

-Коомдук канал кызматкерлеринен эмнени талап кылат?

Негизи чыгармачылык адамдарга талап коюу мүмкүн эмес деп ойлойм. Ар бир адамга эркиндик берилиши керек деп ойлойм. КТРде талап деген нерсени байкабайм, болгону ар бир иште жоопкерчилик биринчи болгондуктан ошол нерсе бийик турат. Чыгармачыл адамдардын жүрөгүндө  эмне болсо, ошол нерсени сыртка алып чыгуу керек деп ойлойм. Анын ичинде, теле адамдары үчүн алгачкы талап бул өз кесибин сүйүү деп түшүнөм. Себеби, өз кесибин сүйгөндө гана мыкты долбоорлор  пайда болот. Мыкты аракетиң, жакшы эмгегиңдин аркасынан күйөрман пайда болот. Талант жана уюштуруучулук жагынан өзгөчө шыгы болушу керек деп ойлойм.

– Жыл ичинде жаңы жылга арналган көгүлтүр от концерттик кече да сиз жетекчилик кылган жаштар редакциясы тарабынан уюштурулду, канча убакытта тартылды? Масштабдуу кечелердин мыкты деңгээлде экран аркылуу берилишине эмне керек деп ойлойсуз?

– Ар бир нерсени аткараарда албетте адам алгач ойлонот, андан кийин кадам таштайт эмеспи. Ар бир даярдалып жаткан көрсөтүүгө, ар бир кызматкер берилип иш жасаса жыйынтыгы жакшы болот да. Жаңы жылдын алдында бир топ убакыт ойлондук, пландадык. Бул жерде көп адамдын эмгеги бар. Жалгыз адам эч нерсе жетишүүгө мүмкүн эмес. Ар бир көрсөтүүгө, дизайн, декларация, коноктордун келүүсү, ал көрсөтүүнүн алып баруучусу, эфир артындагы эмгектенген адамдар, айтор, көп сандаган адамдардын эмгегин баса белгилөө керек.

Арапов2

Өзүңүз алып баруучулук кылган “Балдардын сынагынан сынбайсыңбы” программанын жүрүшүндө кандай сезимдер же кызыктуу окуялар болот?

-“Балдардын сынагынан сынбайсыңбы” көрсөтүүсү беш жыл өмүр сүрдү. Учурда бул программа жабылды. Анткени ар бир  программа алмашып, жаңыланып турушу абзел. Учурда прогарамманын ордуна “Жетинин бири” мыкты долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Бул долбоор Кыргызстандагы студенттерге арналган жана студенттердин билим сапатына байланыштуу интеллектуалдык программа. Биринчи программа тартылып бүттү. Учурда монтаждык иштер жүрүп жатат. Ал эми  “Балдардын сынагынан сынбайсыңбы” программасына баарыбыз билгендей саясатчысы, маданият өкүлдөрү, айтор бардык тармактагы адамдар балдардын сынынан өтүшкөн. Негизи эле, ар бир программанын жүрүшүндө көптөгөн кызыктуу учурлар болот. Мисалы, балдардын сынына раматылык, куудул Жаныбек Алыкулов агабызды чакырганда, ал киши абдан кубанып, бизге чоң  рахматын айткан. Себеби, сезгенби деп да ойлоп коем. Программа тартылып бүткөндөн кийин, балдардын арасынан бир кичинекей бала чыгып “Чоң ата, чоң ата сиз менен сүрөткө түшсө болобу?”- деди, Жаныбек байке “Эмне мени картайтып салдың, мени байке деп кайрылсаң болот”-  деп айтканын укканым эсимде. Каарман кызыктуу болсо эфириң да кызыктуу өтөт.

Кесибиңиз юрист адистиги менен иштеп көрдүңүзбү?

-Юрист адистигин аяктаганымдан кийин эки айча өз кесибим менен иштеп көргөм. Бирок, ал тарап меники эмес экенин түшүндүм. Болбой кайра эле теле жаатын көксөдүм. Кудайга шүгүр, чыгармачылык жаатта эмгектенип жатам.

Ыр жазып, чакан кечелерде ырдап коймоюңуз барбы?

-Ооба, ыр жазып калам. Көбүнчө, турмуш, ата эне, жоро- жолдошторго арнап чиймелеп калам. Кечелерде ырдабайм деле. Өзүмчө эле кыңылдап ырдап калмай адатым бар.

Эфирден кийин эмне менен алексиз?

-Бойдок кезде досторум менен кафеге барып же тоого чыгып эс алчумун. Үй-бүлө куруп, балалуу болгондой кийин, үй-бүлөм менен өткөрөм. Бош убактымдын баарын эки уулума арнап, үйдө эле болом. Жубайым кытай тилин окуп бүтүргөн. Кесиби чыгармачылыктан таптакыр алыс. Башында бир аз кызганып жүрдү, эми болсо кесибиме туура көз карашта болуп, баарына көнүп калды.

Мээрим БАКТЫБЕК кызы