бангизат

Тажикстандын Шуганан районунда мыйзамсыз баңги зат ташып жүргөн 52 жаштагы кыргызстандын жараны кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 3-декабрда Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой, кармалган жаранга таандык сумканын ичинен пресстелген спецификалык жыты бар зат алынган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында ал гашиш экени аныкталып жана анын салмагы 17 килограммды түзгөн.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында кыргызстандын жараны аны Ош облусуна андан соң Орусияга сатыкка алып кетүүгө даярдаганы аныкталган. Бул иш боюнча Тажикстан Республикасынын  Кылмыш жаза кодекси 200-беренеси (чоң өлчөмдөгү баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары уланууда.