– Тайырбек Дүйшекеевич, соңку беш айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин аткарылышы кандай болду?

– Беш айдын жыйынтыгын 2 миллиард сомдон ашык дефицит менен чыгардык. Акыркы ай – май айы боюнча салыктар толугу менен аткарылды. Бажы боюнча белгиленген план аткарылбай калды. Бул боюнча административдик чарадан башка дагы бир топ уюштуруу иштерин тактап жатабыз. Бүгүнкү күндө анализ боюнча импорт болжолдонгондон төмөн болуп жатат. Негизи, биринчи жарым жылдыкта бюджеттин аткарылбай калышы өөн эмес. Жыл сайын жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджеттин тартыштыгы болуп келет. Анткени, активдүүлүк жылдын экинчи жарымына туш келет. Ал эми тартыштыкты толтуруу үчүн мындан ары активдүү иш алып барууга азыртан көзөмөлдү күчөтө баштадык. Биринчи кезекте иштеп жаткан жаңы салык базаларынын потенциалын чоңойтушубуз, анан да ушул жылы чоң булактарды – жаңы ишканаларды ишке киргизүү боюнча иш алып баруубуз зарыл. Бул боюнча аракеттер жаман эмес. Август айында Ала-Бука районундагы “Бозымчак” компаниясынын толук кандуу ишке кириши күтүлүүдө. Ошондой эле сентябрдан тартып, Кеминдеги алтын кен ишканасы ишке кирип, жыл соңуна чейин 600 килограммдан ашык алтын өндүрүүсү күтүлүүдө. Мындан сырткары Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү заводу бар, бирок, аны азыр туруктуу ишке киргизгенге мүмкүнчүлүк болбой жатат. Анткени, анын үстүнөн ар кандай нааразылыктар болуп келгенинен улам экологиялык режимдерди тез-тез текшерип турууга туура келүүдө. Негизинен, акыркы жагдайды алсак, абал бара-бара жакшырып барат. Ал эми Токмоктогу нефтини кайра иштетүүчү заводу да жай айларынын этегинде ишке кирет. Эң башкысы, нефтини кайра иштетүүчү заводдорго нефть жеткирүү туруктуу болуп жатат. Кыскасы, экономикалык активдүүлүктү күчөтүү, инвестициялык жагдайды жакшыртуу менен бюджет тартыштыгын толтура алабыз. Инвестиция келмейинче салык базасы чоңойбойт. Андыктан, азыр уюштуруу иштерин колго алып, кайсы жерде резервдер бар, салык базасы кандай жана эмне иштер аткарылып жатканын анализдеп жатабыз. Кайсы багытта салык түшпөй калса, ошол багыт боюнча шашылыш чараларды көрүп, стратегиялык да эки-үч айда натыйжасын бере турган бир топ иштерди жасап жатабыз.

– Кыргызстан агрардык өлкө. Айыл чарба продуктыларына дүйнөлүк талап жогору. Экологиялык таза азык-түлүктөрүбүздү кайра иштетип, экспортко чыгаруу үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды киргизүү жагын колго алса болбойбу?

– Албетте, болот. Биздин өлкөнүн экспорттук потенциалы абдан чоң. Мекенибиздин жаратылышы, таза суусу, аба-ырайы экологиялык таза продукция өндүргөнгө абдан ыңгайлуу. Ошондуктан, айыл чарба продуктыларыбызды чет мамлекеттерге сатуу жолу менен таанылсак болот. Азыркы учурда биздин азык-түлүктөрүбүз Казакстан, Орусия өлкөлөрүнө чыгып жатат. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө да өткөргөнгө аракет кылышыбыз керек. Ошондой эле аларды чийки түрүндө эле эмес, кайра иштетилгенден кийинкисин да экспорттогонго шарт түзсөк болот. Кыргызстанда кайра иштетүүчү ишканаларды жайгаштыруу үчүн эки жол бар. Биринчиси, мамлекет салык жагынан бошотуп, каржылык жактан инвесторлорго жол ачуу. Бул боюнча жөнөкөйлөштүрүп, кайра иштетүүчү ишканаларды 3 жылдан 6 жылга чейин салыктан бошоттук. Экинчи жагдай, ички шарттарды мезгил-мезгили менен жакшыртышыбыз керек. Жакында Өкмөттүн демилгеси менен “Айыл-агро” деген семинар өттү. Анын аркасында биздеги банктар кайра иштетүүчүлөрдүн эмне көйгөйү бар экени туурасында алар менен сүйлөшүү жүргүзүштү. Анда белгилүү болгондой, жүгүртүүчү капиталдын аздыгы эң башкы маселе жаратат.

Демек, өткөн жылдын башында кабыл алынган чечим боюнча жеңилдетилген кредитти кайра иштетүүчүлөргө 9%дан, мал чарбачылыгы жана талаачылык жумуштарына 10%дан берүү зарылчылыгы туулду. Бул дагы деле болсо жетишсиз болгондуктан, банктарды чакырып, кайра иштетүүчүлөрдүн жабдууларын лизингге берүү боюнча бир топ программаларды кабыл алдык. Бул дагы акырындап өз нугуна түшө турган нерсе. Ошол эле “Айыл агродон” кийин Кытай менен РСК банкынын ортосунда келишим түзүлүп, ага ылайык, 25 миллион АКШ доллары инвестиция жолу аркылуу келгенин айта кеткеним ашыкча эмес. Анын 15 миллион долларына Банк күнөсканаларды 7 жылдык мөөнөт менен лизингге, калган 10 миллионун кайра иштетүүгө жумшамакчы. Андан сырткары, Польшадан 40 миллион евро алып жатабыз. Анын дагы 16 миллиону идентификацияда болжолдонгон, андан азыраак да кетиши мүмкүн, калганынын баарын кайра иштетүүчү ишканалардын жабдууларын лизингге алып келели деп жатабыз. Аткени, Кыргызстанда бардыгын сатып алуу мүмкүнчүлүгү төмөн. Кайра иштетүүчү эки мүмкүнчүлүктү жакындатыш үчүн биз ушул кадамдарга барып жатабыз. Айтор, кайра иштетүүнүн бардык мүмкүн болгон, дүйнөдө каралган инвестицияга жол ачуучу бардык мыйзамдарды даярдап бердик. Эми мындан ары текшерүүчү органдарды, анан лабараторияларды жасообуз калды. Ал лабараторияларга сапат белгисин коюп бере тургандай системаны түзүү абзел. Бажы союзуна кирип кала турган болсок, биздин экспорттук потенциалыбыз чоңоет. Ошон үчүн технологиялык жактан да, уруксат берүү жагынан да жана ошондой эле стандарты боюнча да даяр болушубуз зарыл.

– Бажы биримдиги демекчи, жол картага кол коюлду. Уюмга кирүү босогосунда турабыз. Бүгүнкү күндө ички процедуралар боюнча биримдикке киргенге даярбызбы?

– Бажы биримдигине кирүү, же кирбесибиз тууралуу маселеге чекит коюлду. Буга чейин ага кирсек эмне утуп, кирбесек эмне уттурабыз деген суроолор көп болду. Ушуга чейин уюмга кирбей келгенибиздин зыянын тартып жатабыз. Бажы биримдигине кирген өлкөлөр качан гана өз чек араларын жаба баштагандан кийин экономикабыз кадимкидей солгундай баштады. Муну калк өзү да, бизнесмендер да түшүндү. Ал эми биримдикке кирүүгө даярбызбы, же даяр эмеспизби деген маселеде жарым-жартылай процесстерди алдын ала аракет кылуу менен өтүп жатабыз. Анткени, Бажы биримдигинин курмындагы Казакстан, Беларусия ж.б. өлкөлөрдө карым-катнаш жагынан кандай кемчиликтер болуп жатканын байкап, көрүп келдик. Мүмкүн, кийинчерээк киргенибиз көп жагынан пайда болду. Анткени, тобокелдердин катачылыгын көрүүгө жетиштик. Ошол эле мезгилде экономиканы эч качан 100 пайыз болжолдогонго мүмкүн эмес. Анткени, экономика дагы өзүнүн траекториясы менен кыймылдайт, анын да өзүнүн мыйзамдары бар. Дүйнөлүк кризис качан токтоорун эч ким билбейт, аны экономика да айта албайт дегендей кеп.

– Конкреттүү түрдө айтканда, Бажы биримдигине кирсек, кайсы жагынан уттуруп, кайсы жагынан утушка ээ болобуз?

– Бажы биримдигине кирүүнүн ыңгайлуу жактары менен бирге эле анын оңтойсуз жактары да болот. Бирок, биздин өлкөгө, элибизге пайдалуу жагы көбүрөөк болгондуктан, ага кирүү чечимин кабыл алып отурабыз. Жол картасын кабыл алып жатканда ар бир пункт боюнча да кеңири талкуу болот. Кандай болгон күндө да ыңгайлуу болгон шартына киргенге бардык күчүбүздү жумшайбыз.

– Бажы биримдигине киргенибизде экспорт көлөмү өсүшү керек да?

– Биримдикке кирген соң экспортубуз чоңоеору турган кеп. Бирок, бизге азырынча канча пайыз чийки зат, канчасын кайра иштетип экспортторубуз белгисиз. Кайра иштеткендин бир жакшы жери биринчиден, кайра иштетүү канчалык терең болгон сайын, ошончолук жумушчу орундар көп түзүлөт дагы экономикабызга, ички дүң продукцияга таасири көбүрөөк болот. Экспортубузду анализдеп көрсөк, Кыргызстанда өндүрүлүп чыгарылган өсүмдүктөрдүн, айыл чарба продукцияларынын 80%ы алдын ала болжолдонгондой, Орусия менен Казакстанга багытталган. Буга чейин биздин продукцияларыбыз компанияларга эмес, алып-сатаарлардын колдоруна түшүп, көмүскө жолдор аркылуу экспорттолуп, 1,5-2 эсе арзан болуп келгендиктен, ачык-айкын экономикалык активдүүлүк болбой жатат. Бажы биримдигине киргенден кийин бажылык барьерлер жоголот да, 2-3 дыйкан чарбасы биригип, өздөрүнүн продукцияларын башка өлкөлөргө экспоттогонго мүмкүнчүлүк алат. Экспорт канча пайызга чейин өсөөрүн убакыт көргөзөт.

– Дыйкандар үчүн айыл чарбасына керектүү техникалардын жетишсиздиги чоң кыйынчылыктарды жаратып келет. Жаңы техникалар менен камсыз кылуу жаатында эмне иштер болууда?

– Өкмөт ар дайым дыйкандарга шарттарды түзүп берип эле келет. Айыл чарбанын көлөмүн социалисттик мезгилдегидей элестетип, техника алуу боюнча биригишиңер керек дегенди айтышат. Андай болбойт. Азыр мезгил башка. Эч качан кыйнап, же мажбурлоо жолу менен дыйкандарды бириктирген ыкманы колдонууга жол берилбейт. Маселен, бир адамдын 10 гектар жери болсо, ага биригип трактор сатып алгандан эффект жок. Жерин айдап бүткөндөн кийин ал трактор жөн эле калат. Бара-бара эмгекти бөлүштүрүү системасы өз ордуна алып келет. Маселен, бир айылда 2-3 техника болсо, алар тынбай иштеп, айылдын баарына кызмат көрсөтө тургандай кылсак деген максатта салык жагынан да, уюштуруу маселелери боюнча да жардам берип жатабыз. Ошонун негизинде лизинг системасын дагы бир багытка салып алабыз. Бул бир жылдык процесс эмес.

– Тоо-кен тармагын иштетүү боюнча жергиликтүү калк менен иштешүү жагын жакшыртууда Өкмөттө атайын саясат алып баруу зарыл деп ойлойсузбу?

– Тоо кен тармагында эки чоң көйгөй бар. Бири – 2010-жылга чейин кен иштетүү тармагына эл ишениминин таптакыр жоголгондугу. Анткени, чакан үй-бүлөлөрдүн эле мүчөлөрү ашар жолу менен Кыргызстандын мамлекеттик байлыктарын чачып келген. Көп мамлекеттик лицензиялар берилип кетти. Бүгүнкү күнгө чейин алар менен талаш-тартыш болуп, сот процессинде да көйгөй жаратып келет. Биз аны ачык-айкындык менен жеңебиз. Госкомгеология тармагындагы мамлекеттик ишкана болобу, мамлекеттик уруксат берүүчү институттарбы дайыма жергиликтүү калк жана жергиликтүү бийлик менен ар дайым тыгыз ишетишип, ачык-айкын үндөп да, талап кылып да, жасап да жатабыз. Ал эми элдин ишенимин кайтаруу үчүн жер-жерлерде жаратылыш ресурстарына аукцондорду ачык-айкын өткөрүп келатабыз. Экинчи чоң көйгөй – жергиликтүү бийликтин маалыматынын жоктугунан, компетенциздигинен анча-мынча популисттерге каяша айтып, аргумент келтире албагандыгында болууда. Популист болуп, сындаш, “бул биздин ата-бабаларыбыздан калган алтын, муну балдарыбыза калтырабыз” деп айтып коюш оңой. Акимдер, айыл өкмөт башчылары турмуш зарылчылыгын, ошол эле мезгилде инвестиция келсе, ошол аймак байып, элинин турмуш-шарттары жакшырып, билим алгысы келгендер билим алып, жылуу үйдө жашагысы келгендер жашап, айтор, азыркы күндүн суроо-талабына шайкеш жашоо керектигин, 10-15 жылдан кийин экономика жакшыраарын түшүндүрүп бере албай жатышат. Окумуштуулардын эсептөөсү боюнча, 2035-жылдан баштап, дүйнө жүзүндө ачкачылык жоюлат деген анализ бар. Демек, мезгил өзгөрүп, таптакыр башка мезгилге туш келебиз. Ушунун баарын эске алганда, биз идеологиялык жактан дагы кээде утсак, кээде утулуп калган учурларыбыз болууда.

Бир топ тоо-кен өнөр жай ишканаларынын иштеринин оң жактары бар. Маселен, Ала-Букадагы “Бозымчак” компаниясы жаңы иштеп баштаганда куру кыйкыруу, жол тосуу сыяктуу нааразылыктар менен коштолсо, быйыл ошол эл пайдасын көрүп баштагандан кийин райондогу азырынча иштебей турган “Иштамбердини” да иштеткиле деген кайрылууларын жолдошууда. Дагы бир нерсени айта кетейин, жакында эле 10 күн мурда Өкмөт башчысынын тапшырмасы менен “Бозымчактын” базасында кайсы кендер болсо, ошол кендер жайгашкан айыл аймактардын башчыларын, район акимдерин “Бозымчакка” чогултуп, семинар өткөрдүк. Анда жер кендери менен иштеп жаткан бардык компаниялар акимдер, жергиликтүү тургундар менен кантип иштеши керектиги талкууланды. Эң башкысы, кайсы жерде тоо кен иштетүүгө байланыштуу көйгөй болуп жаткан болсо, ошол райондун акимдери чакырылды. Тилекке каршы, дагы деле “мен бул кенди ачтырбайм” деген принцип менен депутаттыкка келген адамдар да бар. Эл ошого окшогон популисттердин эмес, реалисттердин артынан ээрчигенде маселе чечилет.

– Биометрикалык паспортко өтүү боюнча иштер кайсы этапта жүрүүдө?

– Мен алгач биометрикалык паспорт менен биометрикалык маалыматтардын айырмасы бар экенин айтат элем. Анткени, ММК каражаттарынын бул экөөн айырмалап көрсөтпөгөндүгүнөн коомчулук арасында бул маселеге түшүнбөгөндөр болууда. Биометрикалык паспорт боюнча Өкмөт эки маселени чечет. Биринчи этапта Кыргызстанда жашап жаткан ар бир жарандын биометрикалык маалыматтарын, айтсак, оң манжасынын тагын, аты-жөнүн, бет келбетинин биометрикалык аралыгын, анан да туулгандан берки бардык маалыматтарын чогултуу. Маселен, адам кашын терип, же сакалын алып койсо, ал адам өзгөрүшү мүмкүн, бирок, эки кулактын жана ооз менен кулактын ортосундагы аралык эч качан өзгөрбөйт. Биометрикалык базада ушул аралыкты ченеген сүрөт болот. Мунун баарын топтоп чыгуу убакытты алат. Ал эми мунун баары эмне үчүн керек? Шайлоону бармак белгиси менен идентификация кылып, бир адамга бир гана бюллетень берүүнү камсыз кылуу үчүн керек. Ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн, кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн керек. Кыргызстандагы 16 жашка толгон жарандардан кол тагынан тартып, баарынын эн белгилери бир базада сакталат. Кыскасы, жарандардын бардык маалыматтарын чогултуп чыгуу үчүн штаб түзүлгөн. Ал штабды жетектөө милдети мага жүктөлгөн. Июнь, же июль айынын ичинде биометрикалык изди жыйноо үчүн аппаратура келет. Ал ар бир паспорт берүүчү жерде, чек арада, пенсия, пособие таратып жаткан почтолордо, стипендия алуу үчүн студенттер кайрылган жерлердин баарына орнотулат. Август айы ичи аны чогултуучулар атайын адистер тарабынан окутулат да, сентябдан тартып, жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу компаниясы ишин баштайт. Аны чогултуп бүткөн соң бир айыл өкмөттүнбү же, бир айылдын масштабындабы, шайлоонун иммитациясын өткөрүп көрөбүз. Ошол аркылуу системанын кандай иштегендигин көрөбүз. А эмки жылдын июль айларына чейин маалыматтар толугу менен чогултулуп бүтөт. Анан экинчи этап биометрикалык паспорт берүү калат. Ушул жерден белгилеп кетейин, биометрикалык паспорт бардык жарандарга таңууланбайт, мажбурлоо жолу менен берилбейт, каалаган жарандар гана алышат. Бирок, чет өлкөгө чыгуучулар милдеттүү түрдө алууга тийиш. Анткени, 2016-жылдан баштап, Орусия, Араб өлкөлөрү биометрикалык базасы жок болгон паспортторду өлкөгө киргизбейт. Кыргызстанда эле жүрүүчүлөр кааласа, мындай паспорт албай койсо деле болот. Ал эми шайлоо үчүн биометрикалык паспорт алуунун кереги жок. Шайлоо үчүн жарандардын бармак басым тагы, базасы гана жетиштүү.

– АКШнын жүк ташуучу борбору чыгып жатат. Андан бюджетке түшчү каражаттын орду кандай жабылаары тууралуу айтсаңыз…

– Биринчиден, биз бюджетти кабыл алып жатканда, бул базадан экинчи жарым жылдыкта түшчү каражатты киргизген эмеспиз. Алар биринчи жарым жылдыкта 30 миллион доллар, экинчи жарым жылдыкта 30 миллионун беришчү. Бюджетке киргизилбегендигинин себеби, келишим боюнча алар мөөнөтү бүткөндө чыгып кетишмек.

Айыл чарбасында быйылкы жылы кандай иштер жүргүзүлүүдө?

– Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн негизги 3 нерсе керек. Биринчиден, сапаттуу техника, жетиштүү каражат, сапаттуу үрөн. Техника боюнча лизинг ыкмасын абдан жакшы жолго коюп келатабыз. Банктарыбыз активдүү иштеп, сыртка чыгып, мамлекеттин кепилдигисиз эле көптөгөн ресурстарды тартып келе башташты. Бул жакшы көрүнүш. Жакынкы 10 күндүн ичинде кредит берүүнүн көлөмү 4 млрд. сомго чыгат. Буга чейин 4 млрд. сомдук кредитти дыйкандарга 9-10 пайыздык үстөк менен берип бүттүк. Жыл соңуна чейин 7 млрд. сомго чейин жетебиз деген ниет бар. Ал эми үрөндөр боюнча да иш өз деңгээлинде жүрүүдө. Үрөн талаачылыкта эле эмес, мал чарбасында асылдандыруу үчүн деле керектелүүчү зат. Бул боюнча чет элдик ресурстарды алып келүүдөбүз. Ислам банкынан жакында эле 1,5 миллион доллар келди. Былтыр да жасалма уруктандыруу боюнча бир топ борборлор түзүлүп, каражаттар келген. А быйыл болсо 7 млн. долларлык ресурс ушул эле үрөн чарбачылыгы үчүн келди. Мындан 100 жыл мурда биздин ата-баларыбыз балык жешкен эмес. Аны тамак-аш катар пайдаланганды билишчү да эмес .Ошол сыяктуу эле Кыргызстанда традициялык өсүмдүктөрдү гана эмес, андан сырткары дагы багыттарды жаңы технологиянын жардамы менен алышыбыз керек. Бардык жерлерге буудай эгип отуруп, дыйкандарыбызды өзүн-өзү актабаган багытка түртүп келдик. 2-3 жылдан бери буурчагыбыз эффективдүү болуп калды. Өздөштүрүлбөй жаткан жерлерибизди өздөштүрүп, ирригациянын акыбалын жакшыртып, тамчылатып сугаруу ыкмасын кеңейтип, күнөсканаларды көбөйтүп, дары өсүмдүктөрдү өстүрүп, аларды экспорттоо потециалын кеңейтүүбүз зарыл. Дагы деле эң башкы душманыбыз эскиче ой жүгүртүү болууда. Тилекке каршы, айыл чарбасында мыкты адисмин деп эсептеген адамдардын айрымдары дагы деле болсо Брежневдин терезесинен карап, 20-30 жылдык мурунку көз караш менен карап, ошол убактарга салыштырып, “биздин убакта мынча өндүрчүбүз” деп, бүгүнкү акыбалды кантип оңдойбуз деген суроого кечээги күндөн жооп беришүүдө. Эч качан артка кылчактабай, жаңы технологияларга өткөндү үйрөнүшүбүз керек. Мына, күнөсканалар эки жылда өзүн-өзү актайт экен, а биз аларга 7 жылдык мөөнөт менен кредит берип жатабыз. Өкмөт дыйкан үчүн баарын жасап берет деген куру кыялдануудан кетүүгө убакыт келди. Ийгиликтин жарымы мамлекеттин жардамында, калганы дыйкандын колунда, чечкиндүүлүгүндө, жаңы технологияларды колдоно билүүсүндө болушу абзел.

– Мал ылаңдары кошумча түйшүк жаратты. Буга кандай чара көрүлдү?

– Быйылкы жылдагы эпизотикалык акыбалды көзөмөлдөн ыгарып жибергендиги үчүн мурдагы жетекчиге карата чара көрүлдү. Ал кызматынан четтетилип, жаңысы дайындалды. Ага жогорулатылган талаптар коюлду.

СарпашевДинар Турдугулова