Сүлүк курту менен дарылоонун тарыхы тээ алыскы биздин заманга чейинки убакыттан башталат. Ал  биздин заманга чейин 1500-300 ж. колдонулганы белгилүү. Өз учурунда грециялык окумуштуу дарыгер Гиппократ, Гален кийин  Ибн Сина кеӊири пайдаланган.  Ренессанс доорунда оорууларды дарылоодо медициналык сүлүк өзүнүн жогорку ордун ээлеген. Орустун улуу хирургу Н.И. Пирогов да кеӊири пайданылган. Ал эми медициналык сүлүк менен дарылоону Мудров, Захарин, Давидовскийлер өтө кызуу колдогон. Алар жүрөк жана кан тамыр оорууларын, ревматизмди, остеомиелит, жаракаттарды, сөөк сынып кеткенде, эпилепсия сыяктуу ооруларды дарылаганда биртоп жакшы натыйжа алган.

– Тайлакбек мырза, сүлүк курт кайсы ооруларды айыктырат?

– Сүлүк куртту дүйнө жүзү колдонуп жатышат. Өзгөчө Орусия жана европа континенти  “кичинекей доктор” деп наам беришип, күнүмдүк медициналык практикада колдонушууда. Ошондой эле ал гирудотерапия болуп медицинага киргизилген. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия, Казакстанда гирудотерапия атайын медициналык окуу жайларда окутулат.  Ал эми биздин ата-бабаларыбыз илгертеден эл колдонуп, өзгөчө баа берип келишкен. Эгемендикти алган жылдан тартып сүлүк курт кайрадан жанданууда. Бүгүнкү күндө сүлүк курт: жүрөк-кантамыр ооруларды – гипертония оорусу, кардиосклероз, жүрөктүн ишемия оорусу, тромбофлебит, венанын варикозу, геморрой, нейро-циркулятордук дистония; ичеги-ашказан оорулары – ич катуу, холецистит, дискинезия, өттөгү ташты, гепатоз, панкреатит;неврология оорулары – энцефалопатия, баш ичиндеги гипертензия, мигрень, невриттер, радикулиттер, грыжа диска, полинейропатия, невроз, баш оорулары, невралгия ж.б. мурун, кулак, тамак оорулары – гайморит, фронтит, үн угуу нервинин сезгениши ж.б. тери оорулары – псориаз, нейродерматит, экзема, дененин жана беттин безеткисин айыктырат. Сөөк сынганда жана жумшак эттин жабырланышында, муундардын оорусу өтө тездик менен калыбына келет. Ал эми жаракат алган жер тез эле анан дагы изи калбастан бүтүшү.аллергия, поллиноз, ар түрдүү иммундук системанын азайып кетишине байланыштуу пайда болгон оорулар: кант диабети, өтө семиздик (ожирение), богок бездин оорулары, диатез, подагра ж.б.гинекологиялык оорулардын сезгениши, аденомиоз, эндеметриоз, киста яичник, климакс абалы, яичниктердин дисфункциясы, боюнда болбой калуу сыяктуу оорулары сүлүк курттун жардамы менен дарыланат.

– Сүлүк курттун канча түрү бар? Сиздер аны кайсы жерден алып келесиздер?

– Сүлүк курттун 220дан ашык түрү кездешет. Кыргызстанда да медициналык атайын коюлуучу сүлүк курттар бар. Алар мисалы Сүлүктүдө, Нарында жашашат. Сүлүк курттун ургаачы эркеги болбойт. Тагыраак айтканда бир сүлүк курт өзүнөн-өзү көбөйөт. Сүлүк курттун организминде 105 элементтен турган адамга жаккан дарысы болот. Алардын эң алсызы адамдын оорусун токтотуп коет. Болбосо бүтүндөй ооруну жоготот. Ал эми биз аны Түркия, Оруссия, Азербайжандан алабыз. Сүлүк куртту Кыргызстанда өндүрсөк жакшы болмок. Масален азыр балдарды эмдөө боюнча коомчулукта ар кандай талкуулар болуп келет. Вакциналардын ордуна сүлүк куртту колдонсок деген сунушту айтар элем. Себеби ал биринчиден табигый 105 элементти алып жүрөт. Вакцинага караганда алда канча жогору турат.

– Сүлүк курт денеге кандай жол менен коюлат?

– Мисалы остеохондрозго сүлүк куртту коюш үчүн өзүнүн атайын чекиттери бар. Сүлүк курт оозун ачып денени тиштегенде гуридинди киргизет анан тиштелген жер ачыша баштайт. Бул учурда туздарды ээритип кан аркылуу сыртка чыгарат. Денеден аккан кан 1 сааттан 12 саатка чейин агышы мүмкүн. Бирок адамга эч кандай зыян келтирбейт. Кээ бир учурда адамдар өзүн жоготуп коюшу мүмкүн. Анын эч кандай коркунучу жок. Практикабызда бир аял жана студент кыз бизге кайрылып жогоруда айтылган көрүнүш болгон. Аял тизеси ооруп көп жылдан бери үйдөн чыкпай,  иштебей калган. Качан дарылоо курсу өткөндөн кийин ал аял жакшы болуп кетти.

– Бир сүлүк курт адамга канча жолу коюлат?

– Бир адамга коюлган сүлүк курт экинчи жолу коюлбашы керек. Дарылануучуларга дарылоо курсу аяктагандан кийин денеге коюлган сүлүк курттарды кайра саздуу сууларга сал же жерге көмүп кой деп колуна беребиз.

Айжаз САКИЕВА

Булак: Айат