Октябрь айынын аягына чейин Бишкек шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы өткөрүлөт. Анда баш калаабыздын учурдагы ал-ахыбалы менен байланышкан олуттуу маселе талкууга алынаарын шаардык Кеңештин төрагасы Марат Аманкулов жакында эле маалымдады. Тагыраак айтсак, тазалык жана жашылдандыруу ишиндеги ит ыйлаган жагдайга депутаттар тарабынан баа берилет.

Анткени, Бишкек экологиялык катастрофанын чегине жетти. Мындан он жыл илгери эле илимпоздор Бишкекти постсоветтик аймактагы эң ыплас шаарлардын катарына кошушкан. Ырас, экологиясы жашоого коркунуч жараткан дүйнөдөгү булганыч он шаардын катарында өлкөбүздүн түштүгүндөгү Майлуу-Суу шаары да бар. Майлуу-Сууда уран калдыктары көмүлгөн. Ошондуктан, ал шаарга сын жок. Бирок, ордо калаа деген Бишкегибиз эмнеге окшоп баратат?

Дүйнөдө урбоэкология деген түшүнүк бар. Жалпак тил менен айтканда шаар курулушун табиятка ылайыкташтырууну, жашоочулар үчүн жашоого жагымдуу шарт түзүүнү билдирет. Бирок, Бишкекте ал тууралуу ойлонгондор жок. Болбосо, шаардын чет жакасын мындай коёлу, борбордук бөлүгү таштандыга толмок эмес, жаздан кийин жайды кыйгап, күз келбейт эле. Албетте, быйыл жай ашкере аптаптуу, суу тартыш, кургакчыл болду. Арийне, бул актанууга себеп эмес. Биз билгенден азыр таштанды ташуучу ар бир автоунаага күнүнө 40 литрден гана күйүүчү май берилет экен. Эгер автоунаа сынып, ара жолдо калбаса ал бир эки каттамга араң жетет. Шаар жетекчилиги мындай көрүнүштү бюджет тартыштыгы менен түшүндүрүүсү мүмкүн. Бишкектин быйылкы бюджети 10 млрд. 300 млн. сом экендиги айтылат. “Анын 70%ы социалдык маселелерди чечүүгө кетет, калганы калаа инфраструктурасын өнүктүрүүгө эч жетишсиз” деп эсептейт шаардык Кеңештин төрагасы Марат Аманкулов. Айтымында дагы бир эки жылдан соң Бишкектин борбордук бөлүгүндө автоунаалардын жүрүүсүнө мүмкүн болбой калат. Эмне кылуу керек? Чын эле акча табылбаса айла түгөнөбү? Мындан эки үч күн мурдараак “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Н. Сарпашев таштанды үчүн акы төлөөнү жан адамга азыркы 15 сомдон 50 сомго көтөрүш керек деп чыкты. Эмне үчүн 30 сом эмес деген суроо жаралат?

Кынтыгы жок иштеген автомотор минутасына үч метркуб таза абаны жок кылат, 120 түрлүү уулуу заттарды атмосферага чыгарат. Ал эми эгемендикке жетишкен соңку 23 жылда Кыргызстан калктын жан башына эсептей келгенде автоунаалардын саны боюнча Казакстан менен Орусияны мындай кой, Кытайды да басып өттү. Бирок, эсеп-ченеми жок келип жаткан автоунаалардын дээрлигинде моторлору кеселдүү. Европада мындай автоунааларды жолго чыгарууга тыюу салынат. Албетте, чечилбеген маселе жок. Маселен, Европада 1,3 млн. калкы бар өнөр жайлуу Хельсинки шаарында автоунаалардын аз экендигин байкоого болот. Хельсинкинин жашоочулары өздүк автомашинасы бар болсо да коомдук транспорт менен жүрүүнү ылайык көрүшөт. Анткени, шаардын борбордук бөлүгүндө автоунааны токтотуу өтө эле кымбат турат. Мындан тышкары, хельсинкиликтердин 80%ы транспорттук экологиянын сакталышын колдошот. Демек, Бишкекте да шаардыктардын аң-сезимин өзгөртүү зарыл деп бүтүм чыгарууга болот. Дагы бир мисал. Ошол эле Европадагы Осло шаарында негизги унаа катары коомдук автотранспорт эсептелет. Экологиялык таза метанолду колдонуучу автобустар шаар калкын тейлейт. Автобустук маршрут ачууну каалаган ишкерлер үчүн башкы шарт – экологиялык таза күйүүчү отунду колдонуусу зарыл. Бельгиянын борбору Брюсселде экологиялык кырдаалды жеңилдетүү максатында шейшемби жана бейшемби күндөрү жуп сандуу номери бар, ал эми дүйшөмбү, шаршембиде жуп эмес номерлүү автоунааларды айдап чыгууга тыюу салынган. Моюн толгогондор айып пул төлөшөт. Ал эми дүйнөдөгү эң таза шаарлардын алдыңкы сабында турган Стокгольмдо коомдук транспорт метанол жана биогаз менен гана жүрөт. Амстердам шаарынын тургундарынын 75%ы велосипедди гана пайдаланышат. Бул шаарда велосипеддин жоголушу баш оорутпайт. Сен дагы башканыкын минип кете берсең болот.

Жогоруда келтирилген мисалдар транспорттук экологияны чечүүнүн кандай жолдору бар экендиги тууралуу азын-оолак айтылган Бишкек жетекчилеринин кулактарына күмүш сырга дегендей кеп.

Эми кайрадан таштанды маселесине токтолсок баш калаабыздын кайсыл көчөсүн аралаба, жол боюнда үймөк-үймөк таштандыларды көрөсүң. Маданиятыбыздын деңгээли зээн кейитет. Кытайдын Гонконгунда чылымдын калдыгын ыргытсаң 50 доллар айыпка жыгыласың, ал эми экологиялык чен-ченемдерди бузгандар миң ирет кыйын ишкер болсоң да ыштаны жок калышат. Бишкекте турак үйлөрдүн арасына, окуу жайлардын, ооруканалардын жанына май куюучу станцияларды куруу эч кимди ойлондурбайт. Чырылдап, экологиялык-санитардык ченемдер бузулуп жатканын кан какшасаң да эч ким укпайт.

Таштанды демекчи, кыйла жылдардан бери эле аларды иштетүүчү атайын завод куруу зарылдыгы айтылып келет. Бирок, ишке ашыруунун жолу алиге ачыктала элек. Маселен, Даниянын борбору Копенгагенде таштандыларды жагып жок кылуу шаарды 97% жылуулук менен камсыз кылат экен. Эгер Бишкек ТЭЦтин бир мешин таштанды жагууга ылайыктасак, биз деле сөз кылып жаткан баш оорутмадан арылмакпыз. Тилекке каршы, Бишкектин калкы таштандыдан арылмак турсун, тескерисинче, үстүнө үй куруп жатышат. Азыр дүйнө калкынын теңинен көбү калааларда жашашат. Калаалардын күндөн-күнгө кеңейүүсү албетте, айлана-чөйрөгө, табиятка залакасын оңбогондой эле тийгизүүдө. Мурдараак олтургузулган бак-дарактардын, парктардын да заманасы куурулууда. Алыс барбай эле Бишкектин Ата Түрк паркын мисалдасак болот. Көчө бойлорунда токол эчкидей томурайган бак-дарактар тууралуу айтпай эле коёлу. Ар ким оюна келгенди жасап, акылы жеткендей бутап, кыркып жатат. Негизи, шаарларды жашылдандыруу, бак олтургузуу тажрыйбасы тарыхка көз чаптырсак биздин доорго чейинки 2000 жыл илгери эле Египетте башталган экен. Шаарларда жашыл тилкелердин болушу алда канча жагымдуу экологиялык факторлордун бири болуп эсептелет. Бак-дарактар абаны тазалайт, ызы-чуунун деңгээлин азайтып, адамдын эмоционалдык абалына жагымдуу таасирин тийгизет. Мындан тышкары, архитектуралык өзгөчөлүктөрдү ачып берүүдөгү мааниси да зор. Асман тиреген имараттары арбын болсо да табигый чөйрөнү сактап калган өлкөлөрдө экологиялык проблема жок десек болот. Айталы АКШнын 3,5 млн. калк жашаган Миннеаполис шаары дүйнөдөгү экологиялык жактан эң эле таза мегаполисттердин бири. Ал эми Европадагы Цюрихтин жашоочулары таза абадан дем алып келүү үчүн шаар сыртына чыгышпайт. Бул калаада бензинге караганда гүлдөрдүн атыр жыты даана сезилет. Гүл демекчи, быйыл баш калаабызда муниципалдык “Зеленстрой” комбинаты 1 миллион түпкө жакын түрлүү гүлдөрдү олтургузган экен. Бирөөсүнүн баасы 25 сомдон 41 сомго чейин болгону бир топ убакыт мурда ачыкталган. Бирок, ал гүлдөрдүн канчасы өсүп, канчасы өлгөнүнө баарыбыз күбө болдук. Болжол менен 10-15 млн. сом көз көрүнөө куурады.

Соңку мезгилде Бишкекте курулуш болуп көрбөгөндөй кулач жайды деп жетекчилер шапкелерин көккө ыргыта кубанышууда. Бирок, ошол эле учурда гүлзарлар, газондор жок кылынып, бак-дарактар аёосуз кыйылып жаткандыгы менен иштери жок. Ордуна жаңыларын олтургузуп берели, шаар көркүн сактап калалы деген эч кимдин оюна да келбейт. Маселен, Осло шаарынын бир капталы токой менен капталган. Калаанын бул тарабына курулуш жүргүзүүнү каалагандар табиятка келтирилүүчү зыяндын ордун толтурууга макул болсо гана толгон-токой процедуралардан кийин уруксат алышат. Ошондуктан, башка жерге куруу оңойго турат. Ал эми Бишкекте көзүң түшкөн жерге кол сала бер. Таанышың болсо танкасың дегендей кеп.

Мына, өткөн аптада аба ырайы бузулуп, кар аралаш жамгыр жаады. Баш калаабыздын жайы менен какшыган арыктарына киргилт суу батпай, көчөлөрдү каптады. Бул ирригациялык системаларыбыздын ахыбалы кандай экендигинин белгиси. Бирок, “Зеленстрой” комбинатынын жетекчилиги көчөнү жайпап, көлчүккө айланткан бул көрүнүштү дарактарга күзгү суу берип, ным топтоп жатабыз деп түшүндүрдү. Айтор, кай жагынан карабайлы, баш калаабыздын бүгүнкүсүнөн эртеңкиси бүдөмүк, каңырык түтөйт.

Атай Алтымышев

мусор в Бишкеке