матре1

Дыйкандар менен фермерлердин товардык насыя алууда пайда болгон талаш маселелер бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында каралды. Дыйкандардан мындай арыздануулар көп келе баштагандыктан комитеттин талкуусуна коюлуп жатканын депутат Эсенгул Исаков белгиледи.  Анын айтымында, 2004-2010-жылдар аралыгында Кемин районунун дыйкандары КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан үрөндүк буудай алып, бирок аны сепкенде буудай чыкпай калган. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен бул алынган үрөн кондициялык эмес деп табылган. Мындай комиссиянын чечимине карабастан Матрезерв дыйкандарды сотко берип, буудайды өндүрүп алуунун аракетин көрүп жатышкан учур.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА