тамашаТамашалар:

“Ацтек” командасы: 
Оюнду депутаттардын сөзү менен баштайбыз: “Же, ич, орбит чайна!” 

“Рота” командасы: 
Кыргызстандын гаишниктери экиге бөлүнөт: пара алгандар жана пара алгандардан пара алгандар.

“Арабаев” командасы: 
-Арабаевдин студенттерине экзамен маалы майрам, ал эми окуучулар майрамда окушпайт. 

“Ассорти” командасы: 
-Эң мыкты мырзалар булар мектепте 3кө окугандар, анткени алар “канааттандырат”. 

“Жалал-Абад” командасы: 
-Биз кыргыздар таң калыштуу адамдарбыз: ГЭС бар, бирок суу жок! Машина бар, бирок, бензин жок! Сотка бар, бирок бирдик жок… 

“Кыргыз двор” командасы: 
-Короз эртең менен кыйкырат, тоок кечинде кыйкырат! 
* * * 
-Бензин 50 сом, доллар 60 сом, биз Европанын жашоосун жашап жатабыз.

Эки баланын маеги: 
Бирөөсү капалуу:
-Кызымдын көзүнө чөп салган үчүн урушуп кеттик.
Анда экинчиси:
-Кызың уй беле?

“Бишкек” командасы: 
-Ысык-Көлдө бүтүрүүчүлөр экиге бөлүнүшөт: кызыл диплом менен бүткөндөр жана кызыл көздөрү менен бүткөндөр. 
* * * 
-“Беш-Сарыда” беш жыл иштеген адам баласына “Зыңк” деп ат коюптур. 

“Тамашарики” командасы: 
-Бул жылы эң мыкты, эң жылуу баш кошуу тойлору өттү: биринчиси – Мирбек Атабеков менен Мээрим, экинчиси – “харизматичный” Бабанов менен “брутальный” Ташиевдики. 
– Фокусник нике түнүндө жубайын жоготуп алды. 

“Элестет” командасы: 
Эки абысындын маегинен:
-Ай, жеңе кандайсыз. Жаңылык, мен там салдым.
-Ой, кокуй, сен там салбай тиш салып алсаң болмок.
-Ой, тим эле, менин артымдан керек болсо жаш кезимде көп балдар чуркашчу.
-Ооба, таш мененби? Алмага ууруга кирсеңиз ошентип артыңыздан куушат да.
* * *
-Ой, сен чачыңды боёп алгансыңбы?
-Ооба, сиз берген краска менен боёдум.
-Ооо, кокуй мен аны забор боё деп бербедим беле?!
* * *
– Жеңе, сиздин күйөөңүз коёнго окшош ээ. 
-Эмне, коркоктугун айтып жатасыңбы?
-Жок, 11 балаңар бар го, ошону айтып жатам…