башаламан1

Таласта быйыл жазында орун алган башаламандык боюнча айыпталгандар соттолду. Бул тууралуу «Азаттыкка» алардын коомдук жактоочусу Серен Шейшенов кабарлады. Анын айтымында, сот жыйыны Талас шаарында өттү. Ага «Бата», «Кырк чоро» жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү байкоочу катары катышты.

Бакай-Ата райондук сотунун өкүмүнө ылайык айыпталган беш киши 1, 2 жана 3 жылга шарттуу түрдө кесилди. Прокуратура аларды 8 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган болчу. Шейшенов соттун өкүмү акыйкатсыз болуп калганын айтууда:

 Чыныгы жол бууп, машине өрттөп, мыйзамды одоно бузгандар камалган да, суралган да жок. Ок аткан күч кызматкерлери да суракка алынган жок.

Прокуратура бул боюнча азырынча өз сөзүн айта элек.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Таластын Боо-Терек айылында жергиликтүү эл менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, милициянын автоунаалары өрттөлгөн. Жергиликтүү эл Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып, Тараз – Талас – Суусамыр жолун жапкан. Жол тоскондор менен милициянын ортосунда кагылышуу чыгып, бир нече жергиликтүү тургун жана милиция кызматкери жабыркаган.

Шыралжынды иштеткен компания кендеги ишин токтоткон. Бирок мекеме аралык комиссия Шыралжында жүргүзүлгөн геологиялык иштер экологияга зыян келтирбегенин айтып, андыктан жергиликтүү калктын талабы негизсиз деген тыянак чыгарган.

Булак: Азаттык