талас

Талас областынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык маарекесине карата  залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго тургузулган эстелик  Талас шаарынын борбордук бөлүгүнө  көрк кошуп калды. Талас шаардык кеңешинин чечими менен бул жер Чыңгыз Айтматов аянты деп аталды.

Андан көп өтпөй Талас шаарынын борбордук бөлүгүнө Бердике Беренге  мурда коюлган эстеликтин ордуна Баатырдын атчан турган жаңы эстелиги орнотулду.  Баатырдын эстелиги  республиканын түндүк-түштүгүндөгү урпактары тарабынан  коюлду.

Көсөм колбашчылыгы менен  эли журту тарабынан “Берен” атыккан айтылуу  тарыхый инсан  кыргыз  элин калмак баскынчыларынан бошотуудагы бөтөнчө эрдиктери менен даңаза болгон.

Нуржигит Сейдалиев