Матисаков

Мен Абдиламитти биринчи жолу көргөнүм эч эсимден кетпейт. 1974-жылдын жай айы. Калык Акиев көчөсүндөгү №7 жатакана. Ошол жатаканадан ак жуумал, жарашыктуу кийинген, кашы, чачтары капкара, көз карашы курч жигитти бир нече жолу көргөн элем. Кийин ал жигиттин ноокаттык экенин билгенимде аябай сүйүнгөмүн. Бир чети сыймыктанып калгам. Ошентип экөөбүз абитуриент кезде таанышкан элек.

Экөөбүздүн кандай кыйынчылыктар менен азыркы Улуттук университеттин журналистика бөлүмүнө өткөнүбүздү Абдиламит мен жөнүндөгү “Түшүмө Ноокат кирет” деген макаласында кеңири жазган. Мен анын баарына токтолуп отурбайын. Адегенде экөөбүздүн чогуу окуп жүргөндөгү, андан кийин Абдиламиттин “Ленинчил жаш” жана “Кыргыз Туусу” газеталарында иштеп жүргөндөгү журналист жана жазуучу катарында калыптануу процесси жөнүндө сөз козгоюн.

Азыр ойлосом Абдиламит журналистика бөлүмүндө окуп жүргөн учурда эле өзүнүн келечек багытын туура тандап алган экен. Анткени журналистикада окуган студенттердин баарынын эле газета, журналдарга барып байланыш түзүп, тырнак алды жазгандарын редакцияда иштеген кызматкерлерге көрсөтүп, жарыялатайын деген далалаты болчу эмес. Абдиламит болсо биринчи курстан тартып эле “окууну бүткөндөн кийин жаза баштайм”-деп отурбай, калемин төшөп алгачкы макалаларын жаза баштаган. Эсимде, биринчи курста окуп жүргөндө эле бир ыры “Кыргызстан маданияты”, дагы бир ыры “Ленинчил жаш” газетасына жарыяланган. Ал убакта 1-курстун студентинин ыры республикалык кадыр-барктуу газеталарга жарыяланышы зор жетишкендик катары саналчу. Студенттер арасында резонанс жаратчу. Үчүнчү курста окуп жүргөндө апрель айлары болсо керек, Абдиламиттин “Ошол майрам эсиңиздеби?” деген аңгемеси “Кыргызстан маданияты” газетасына жарык көрдү. Кызыгып окуп көрдүм. Окуп алып таң калдым, таасирлендим, жакшы жазылыптыр. Башы, аягы, кульминациясы жайында, жанрдык бардык параметрлерге дал келген аңгеме экен. Ошол аңгеменин окуясы ушул убакка чейин жадымда сакталып жүрөт.

Абдиламит журналистиканын ар бир курсунун аягында редакциялардан өткөн чыгармачылык практикаларды жалаң “5” деген бааларга аяктап келчү. Окууну бүткөндө ал жак, бул жакка буйдалып отурган жок. Түз эле “Ленинчил жаш” газетасына барып подчидчик кызматка орношту. Подчидчик болуп өмүр бою иштесе да болот дечи, бирок “Ленинчил жаш” газетасында чыгармачылык жактан өзүңдү көрсөтсөң өсчүсүң. Абдиламит ошондой болду. Газетага макала артынан макалалары жарыяланып турду. Ошентип “Ленинчил жаш” газетасынын чыгаан редактору Калыбай Жусупович Осмоналиев аны кабарчылык кызматка алды. Андан кийин бөлүм башчысы болуп дайындалды. Көп узабай “Ленинчил жаш” газетасынын жетекчилик кызматтарынын бири жооптуу катчылыкка жогорулады. Ал жооптуу катчы болуп иштеп турган учурда мен кабинетине барып калчумун. Карасам чымын-куюн болуп иштеп жатчу. “Азыр, отура тур досум, мен азыр”-деп редакциянын жумушу менен алек боло берчү. “Кой мен кеттим”-деп анын “отура тур” дегенине карабай кетип калчумун.

“Ленинчил жаш” газетасында иштеп жүргөн учурда Абдиламиттин апасы дүйнөдөн кайтыш болуп кетти. Көңүл айтып коёюн деп редакцияга бардым. Көңүлү чөгүңкү экен. Кабинетине   кирип куран окудук. Бир убакта столдун тарткычынан бүктөлгөн барактарды алып чыгып, “апама арнап аңгеме жаздым”-деди. Барактардын биринчи бетинин башында “Тандыр” (аңгеме) деп жазылып туруптур. Аңгеменин биринчи эле сүйлөмдөрүнөн күчтүү стилдин илебин сездим. “Кел, мен өзүм окуп берейин”-деди Абдиламит. Барактарга бир саам тикчийип карап турду да каргылданган үнү менен кыраатын келтирип окуй баштады. Менин көз алдыма чоң турмушу тартылды. Бул окуялуу аңгеме эмес болчу. Нак турмуштун өзү, күн, нан, эне, бала жөнүндөгү философия эле. Энеден айрылуу кандай аянычтуу. Айылдаштары жабыла апасын жайга койгону алып бара жаткан учурда уулунун кандай абалда бара жатканын окуганымда көзүмдөн жаш акты. Мен ошондо Абдиламиттин жазуучулук талантына баа бергем. “Досум, ушул аңгемең менен аяш энеме жандуу эстелик тургузупсуң” дегем.

Арадан канчалаган жылдар өтсө да “Тандырдын” табы дагы эле ыпысык бойдон. Бул аңгеменин жолу жеңил белем, кийин табити такшалган окурмандарды тамшандырган аңгемелери ошол убактагы эң окумдуу “Кыргызстан маданияты” газетасына же “Ала Тоо” журналына жарыяланып жатты. Бул аңгемелерде автор өзүнүн ички шык-жөндөмүн, талантын адабий даярдыгын айкалыштыруу менен окурмандын оюндагысын таамай таба билген. Ошондуктан “Тандырды” баш көтөрбөй бир дем менен окуган окурмандар адабий процесске жаңы күчтүн кошулуп жатканын сезишкен болчу. Кийин Абдиламит Матисаковдун “Далдалчынын уулу”, “Палван”, “Экзамен”, “Бечаралар”, “Күттүргөн рейс”, “Тактектик кыз”, “Күйөө бала”, “Быштак” ж.б. аңгемелери, “Ак коргон” аттуу повести биринин артынан бири жарык көрүп, алардын ар бири адабий чөйрөдө жаңылык катары кабыл алынып, адабий сындын калыс элегинен өтүп турган.

Менин өзүмдүн жеке баамымда Алыкул өз ырларына калп айталбагандай эле Абдиламит да жазган аңгемелерине ат үстүнөн жеңил-желпи мамиле жасачу эмес. Анткени, жазгандары окурмандын жүрөгүнө качан гана жүрөгүнөн чыкканда жетээрин түшүнчү. А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп болгону талашсыз. Анткени, ушул газетада подчидчик кызматтан жооптуу катчылыкка чейин жеткен. Ал кезде жооптуу катчылык түмөн түйшүктүү иш эмес беле. Кол менен макет чийилчү. Гезит бетине жарыялануучу түрдүү жанрдагы бардык материалдардын ордун таап жайгаштыруу, типографиядагы кайнак коргошун ариптери менен терилип бүткөндөн кийин аны карап көрүү сыяктуу азыркылардын үч уктаса түшүнө кирбеген иш процесстери жооптуу катчынын мойнунда болчу. Мына ушул түйшүктүн баарын ал “Ленинчил жаш” газетасында жети жылдан ашуун тартты. Жумушчу күнүнүн ушунчалык тыкыстыгына, таңкыстыгына карабастан, жогоруда биз санап өткөн көркөм чыгармаларды жазганга кантип убакыт таап, кантип үлгүрдү экен деп таң каласың.

Мындан сырткары, Абдиламит Матисаковдун ошол учурда жазган публицистикалык материалдарына аңгемелеринен кем эмес мамиле жасагандыгын белгилеп кетсек болот. Анткени анын “Ленинчил жаш” газетасына жарыяланган “Жаннат эне”, “Бешик жана жарты нан”, “Таразачы”, “Кайдасың, кагылайын кайрымдуулук!”, “Чайкана”, “Токторбай, Күкү жана он бала”, “Момун чал” аттуу көркөм аналитикалык макалаларын окурмандар үзүлө түшүп окушчу. Себеби, бул макалалар окурмандар, журналисттер чөйрөсүндө жылуу пикирлерди жаратчу.

Ошентип, Абдиламит Матисаков чыгармачылыгы баралына жетип турган учурда кыргыз басма сөзүнүн флагманы – “Кыргыз Туусу” газетасына каттар бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна ишке чакырылган. Ал бул гезитте иштеп жүрүп, бир журналист бир газетага “погода” түзө алат деген аксиоманын чындык экенин көрсөтө алды. Себеби, Абдиламит Матисаков каттар менен иштөөнүн жаңы стилин көрсөттү жана “Күзгү”, “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй”, “Ак журтчу аман – журт аман”, “Далысы жерге тийбеген Тапанча палвандын таржымалы” сыяктуу ар бири өз өзүнчө изилдөөнү талап кылган атактуу публицистикалык чыгармаларын дал ушул “Кыргыз Туусу” газетасында иштеп жүргөндө жазып, жарыялаган эле. Бир жолу ал мага жолугуп, ушул чыгармаларымды СССР журналисттер союзунун конкурсуна катыштырууга Москвага жөнөтүп жатамын, – деди. Ошондо мен ага: “Сен бул конкурстун жеңүүчүсү болосуң”-деп, ишенимдүү айткам. Чын эле ошол жылдын май айында Москвадан “А.Матисаков СССР журналисттер союзунун лауреаты болду” деген жакшы кабар келди.

Мен жогоруда Абдиламит Матисаковдун чыгармачылык жолуна токтолуп өткөнүмдүн себеби, анын “Кыргыз Туусу” газетасынын башкы редактору болуп келишинин канчалык деңгээлде мыйзам ченемдүү экендигин билдиргим келди. Ал чыгармачылык жана турмуштук жактан баралына келип турганы анын “Кыргыз Туусу” газетасында редактор болуп буйдалбай иштеп кетишине өбөлгө болду. Менимче Абдиламит Матисаков “Кыргыз Туусуна” экинчи жолу башкы редактор болуп келгенде биринчи кезекте гезитти таптакыр жаңыча чыгарууну алдына максат кылып алса керек. Муну үчүн заманга, кырдаалга жараша иш алып баруу керек болчу. Анткени, эгерде советтик мезгилде каржылоо жагынан редактордун, гезиттин кызматкерлеринин санаасы тынч болуп келген болсо, рынок экономикасынын шартында каржылоо маселеси редакциянын өзүнүн мойнуна жүктөлгөн болчу. Мына ушундай кырдаалда редактор А.Матисаков түпкүлүгүндө гезит сапаттуу чыгып турса, анын каржы маселеси да чечилерин алдын ала түшүнгөн. Мына ушуга жетишүү үчүн ал редактор болуп келген биринчи жылдарда ишке баш-оту менен киришип, кабинетинин жарыгы түнкү саат 1-2лерге чейин өчпөй жүрдү. Секретариатта иштеген үч бакандай журналисттер Назарбек Байжигитов, Асан Жунусов, Дайырбек Меймановдор даярдап келген макеттерди өзү карап көрүп, оңдоочу жерин оңдоп-түзөп, купулуна толгондо гана басууга жөнөтүп турчу. Анын натыйжасында гезит 1-2 жылдын ичинде жаңы турпатка ээ болгон. Гезиттин тематикасын, мазмунун байытууда А.Матисаков кадрлар потенциалын кылдаттык менен пайдалана билген редактор болгонуна токтоло кетсек. Биринчиден, башка жактарда иштеп жүргөн Төлөн Насирдинов, Эсенбай Калдаров сыяктуу “Кыргыз Туучу” таланттуу журналисттерди жана фотокабарчы Шекербек Сартовду кайрадан алып келгени акылга сыярлык иш болгон.

Мен Төлөн Насирдинов менен иштешип калдым. Мындай калемди эркин шилтеген журналистти жолуктурган эмесмин. Анын жазгандары жаздын таңкы желиндей лепилдеп турчу. Анын “Күүгүмдөгү коңгуроо” аттуу рубрика менен чыккан маектери кимдерди гана тамшандырбады. Өкүнүчтүүсү шум ажал таланттуу журналистти бул дүйнөдөн эрте алып кетти. Ошондо жылына Төлөн Насирдинов атындагы сыйлыкты жылдын мыкты журналистине ыйгарып туруу идеясын А.Матисаков көтөрүп чыгып, жыл сайын бул сыйлык ушул убакка чейин чоң азем менен мыкты журналисттерге ыйгарылып келүүдө. Бул да болсо Төлөн Насирдиновдун жаркын элесине жасалган сый-урмат. Ошондо сыйлыктын биринчисин белгилүү журналист жана жазуучу Бекбай Алыкулов алган болчу. “Кыргыз Туусунун” эски гвардиячы журналисти Бекбай Алыкуловдун калеминен жаралган Манас атабыздан тартып бүгүнкү күнгө чейин келе жаткан кыргыз идеологиясы жөнүндөгү публицистикалык макалалары А.Матисаков редактор болуп турган учурда сандан-санга жарыяланган. Ошондо редактор катары Б.Алыкуловго жамааттын “Бакай Атасы” деп сыйлачу эле.

“Кыргыз Туусуна” А.Матисаков алып келген айтылуу журналисттердин бири Мундузбек Тентимишев болду. Ал да журналисттик чеберчилигин “Кыргыз Туусунда” иштеп жүрүп көрсөтө алды. Анын гезит бетинде байма-бай жарыяланган публицистикалык макалалары учурунда окурмандарды аябай таң калтырып, публицистиканын мыкты үлгүсүн көрсөттү го, чиркин! Анын 2004-жылы “Кыргыз Туусу” газетасынын 80 жылдык тарыхы жөнүндө жазган көлөмдүү эмгеги китеп болуп, жарыкка чыккан.

Чынында А.Матисаков редактор катары журналисттерге багыт берген жагынан чебер эле. Тамаша-чынга аралаштырып, бир жолу Эсенбай Калдаровго кайрылып: “Эсеке, окурмандардын делебесин козгогон мелодрама жазбайсызбы, сиздин колуңуздан келет, гезитибиздин кызыктуулугу артсын”-деди. “Да” – деди Эсеке башын кашылап, “аракет кылайын” –деп кабинеттен күлмүңдөп чыгып кеткени эсимде. Ошондон тартып “Таксистин күндөлүгү же миң бир күн” аттуу чыгарманын үзүндүлөрү сандан-санга жарыялана баштады. Бул чыгарманы окурмандар абдан сүйүп окушту. Мен жогоруда эски гвардиядагы журналисттер деп айтып өттүм. Ал журналисттердин катарына “Кыргыз Туусунда” агарып-көгөргөн агайларыбыз Кудайберген Исаевди, Токтомуш Өскөновду, кесиптештерибиз Бермет Маткеримованы, Фатима Турдалиеваны кошуп кетсек болот. Агайларыбыз К.Исаев, Т.Өскөнов жана журналист кыз Ф.Турдалиеванын тажрыйбаларын редактор А.Матисаков редакциянын коммерциялык жана рекламалык иштерин жолго коюуда туура пайдалана билгендигин айта кеткенибиз оң.

Редактор А.Матисаковдун ишмердүүлүгүндөгү дагы бир моюнга ала турган орчундуу учурду айта кетпесек болбос. Бул “Матисаковдун мектеби” деген шарттуу аталыш. Анын шарттуу деп айтылганына карабастан бүгүнкү күндө Бактыгүл Чотурова, Назарбек Байжигитов, Дайырбек Мейманов, Шекербек Калыков, Асан Жунусов, Болот Таштаналиев, Жыпара Исабаева, Орозалы Карасартов, Чолпон Субакожоева, Төлөнбай Жакшыбаев, Назаркул Жоошбаев өңдүү көптөгөн бүгүнкү күндөгү аттуу-баштуу журналисттерден “Сен Матисаковдун мектебиненсиңби?” деп сурасаң алардын баары “ооба” деп тайманбай жооп берерине ишенем. Себеби, ушул журналисттердин баарын А.Матисаков өзү “Кыргыз Туусуна” ишке алып, алардын журналист катары тарбияланып, такшалып чыгышына көмөк көрсөткөн. Ошондой эле Барчынбек Бугубаев, Айдарбек Жанбалаев, Алик Акималиев өңдүү таланттарга да “Кыргыз Туусунда” өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Эгерде башкы редактордун орун басарлары айта турган болсок, “Кыргыз Туусуна” кабарчы болуп иштегени келген Догдурбек Юсуповду беш айдан кийин биринчи орун басар кылып дайындаган. Ал бул ишенимди толук аткарды десек болот. Анткени, ал орун басар болгондон тартып, 15 жылга жакын ушул кызматта үзүрлүү эмгектенди. Ошондой эле Шерназар Шүкүров, Абибилла Пазыловдор да орун басар болуп эмгектеништи. Орун басарлыкка ишеним көрсөтүү жагынан А.Матисаковдун колу ачык болгондугун белгилеп кетүү зарыл.

Аны чыгармачыл муундардын байланышын сактай билген редактор катары да бааласак болот. Себеби, ал гезитти сапаттуу чыгаруу үчүн Кыргыз эл жазуучулары, акындары Көчкөн Сактановдун, Эрнис Турсуновдун, Калыбай Осмоналиевдердин чыгармачылык жигерин пайдаланган. Алардын жазгандары жаштарга үлгү болгон.

Ошол убакта гезиттин нускасы 4 миңден 10 миңге чейин көтөрүлүп, рекламалар 10дон ашуун беттерге жарыяланып турду. Анын натыйжасында редакциянын каржысында кем-карч деген болбоду. Гезиттин кызматкерлери аванс, айлык, гонорар, сыйлык дегендерди өз убагында салтанаттуу түрдө алып турушту. “Кыргыз Туусунда” уюштурулган “Күмүш жамбы” сыйлыгы, “Кыргыз Туусунун кыраандары” Ардак тактасы гезиттин кызматкерлерине дем-күч берип, шыктандырып турчу. Ооба, ал убакта “Кыргыз Туусунда” майрамдар унутулгус майрамдай өтчү. Менин оюмча, Абдиламит Матисаковдун “Кыргыз Туусу” газетасындагы редактордук ишмердүүлүгү анын жакшы жазган бир чыгармасы өмүрүнүн жаркын белеси.

 Абдимухтар Абилов