Түштүк Кореянын Соннам шаарындагы концерттин коопсуздугуна жоопту кызмат адамы шаардагы концерт учурунда 16 адамдын өмүрүн алган трагедиядан кийин өз өмүрүн кыйды.The Telegraph басылмасына шилтеме берүү менен, 37 жаштагы аткаминердин жансыз денеси 18-январь күнү эртең менен табылды, деп маалымдайт Lenta.ru.Маалыматта айтылгандай, аткаминер денеси табылган убакыттан бир нече саат мурун тергөөчүлөр тарабынан суракка алынган.

Аткаминер аялына калтырган катында: «Мен каза болгондор үчүн өтө кайгырам. Суранам, менин балдарыма кам көр», – деп жазылган.

Кыздардан куралган Азиядагы белгилүү 4minute тобунун 17-октябрда өткөн концертинде бош орун жетпей калган студенттер вентиляциялык тосмого чыгып көрүшкөн. Концерттин алып баруучусу микрофон менен аларды түшүүгө чакырган, бирок тосмого чыгып алгандар музыканы ошол жерден угууну улантышкан.

Жыйынтыгында тосмо аларды көтөрө албай, 25 адам 20 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Жыйынтыгында 12 адам ошол жерде каза болсо, 2 адам тез жардам кызматынын унаасында, ал эми 2 адам ооруканадан каза болгон. Ошондой эле, 11 адам оор жаракаттарды алышкан.

Кошумчалай кетсек, аталган шоу ачык асман алдында өткөрүлүп жаткан. Уюштуруучулар тарабынан көрүүчүлөр үчүн 400 орун даярдалган, бирок концертке 700дөн ашуун көрүүчү келген.