Кечээ, 14-ноябрда Британиянын Лондон шаарында бул жылы 64-жолу өткөрүлгөн «Дүйнө сулуусу» сынагынын финалы жыйынтыкталды.

Дүйнөнүн 124 өлкөсүнөн барган улуттук сынактын жеңүүчүлөрүнүн ичинен Түштүк Африка Республикасынын өкүлү, 22 жаштагы Ролен Штраус «Дүйнө сулуусу-2014» аталып, таажыга ээ болду.

Иш-чаранын расмий сайтында маалымдалгандай, сынактагы тапшырмалардын жыйынтыгы менен 2-орунга Венгриянын өкүлү Эдина Кулшар, 3-орунга АКШнын өкүлү Элизабет Сафрит жазылды. Дүйнөлүк масштабдагы бул сынакка Кыргызстандын атын алып чыккан Айкөл Аликжанова байгелүү орундарга илинген жок.

Медицина факультетинин студенти Ролен Штрауска таажыны «Дүйнө сулуу-2013» наамынын ээси Меган Янг (Филиппин) тапшырды.

Мисс3

Мисс Мира (1)

Мисс Мира (2)

Мисс Мира (3)

Мисс Мира (4)

Мисс Мира (5)

Мисс Мира (6)

Мисс Мира (7)

Мисс Мира (8)

Мисс Мира (9)

Мисс Мира (10)

Мисс Мира

Aikol00

Aikol01

Aikol02