Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Жогорку Кеңештин Жаңы жылдык балатысы болду
Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан уюштурулган Жаңы жылдык балаты өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басарлары Чолпон Султанбекова менен Бөдөш Мамырова катышты.
Жаңы жылдык балатыга келгендерди вице-спикер Ч.Султанбекова Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан куттуктады. “Ар жыл сайын биз Жаңы жылды чыдамсыздык менен күтөбүз. Биздин балдарыбыздын келечеги кең. Андыктан, мен балдарга баардык кубанычтарды каалайм”,- дейт ал.
Майрамдык иш-чарада балдар үчүн концерт уюштурулуп, аларга Жаңы жылдык белектер тапшырылды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Комментарий кошуу