жээнбеков

Азыркы тапта Японияда жүргөн парламент Төрагасы Асылбек Жээнбеков Япониянын Императору Акихито менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгы туурасында сүйлөшүштү. “Биз Япониянын Кыргызстанды өнүктүрүүгө катышуусун жогору баалайбыз. Берилип жаткан жардамдар биздин өлкөдө демократияны өнүктүрүүгө, социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган”,-деди Төрага.

Япониянын улуттук биримдигинин символу катары япон калкынын биримдүүлүгүн бекемдөө жаатындагы Императордун ролун баса белгилеген Төрага А.Жээнбеков Император Акихито менен анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Динар Турдугулова