Матвиенко

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Санкт-Петербург шаарында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Жолугушууда мамлекеттер жана парламенттер аралык кызматташуунун тегерегинде актуалдуу маселелер талкууланды.

Төрага А.Жээнбеков Кыргызстан-Россия ортосундагы приоритеттүү тармактар боюнча кызматташууда жылыштар болуп жатканын белгилеп, мындай келечекти көздөгөн мамиле эки өлкөнүн кызыкчылыгына туура келет деди. Парламенттер аралык байланыштын абалына токтолгон Төрага КМШ ПАА, ЕврАзЭШ ПАА, ЖККУ ПА ушул жаатта жигердүү иш алып баратканын билдирди. “2013-жылы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкиндин  жана сиздин үстүбүздөгү жылдын октябрында Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарыңыз парламенттер аралык мамилени чыңдоо менен катар эки тараптуу карым-катыштын бекемделишине салымын кошууда”, – деди А. Жээнбеков.

Сүйлөшүү маалында Кыргызстандын Бажы биримдигине, андан кийин Евразиялык экономикалык мейкиндигине кошулуу максатында жасалып жаткан иш-аракеттер талкууланды. Бул багытта тийиштүү мыйзам долбоорлорунун биринчи пакети 3 окуудан өткөнүн, экинчи пакети 1-окууда жактырылганын айткан А.Жээнбеков аталган биримдиктерге кирүү процессинде Россия ар тараптан колдоп, финансылык көмөк көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Кесиптешинин пикирин кубаттаган РФ Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко  Россия Кыргызстанды негизги стратегиялык өнөктөшү катары эсептээрин жана ар тараптан колдоого даяр экенин баса билдирди. В.Матвиенконун пикиринде, Бажы биримдиги жана Евразиялык экономикалык мейкиндиги мамлекеттер аралык кызматташуунун жаңы этабына жол ачат.

Жолугушууда миграцияга байланышкан маселеге да көңүл бурулду. Кыргыз Өкмөтү менен Россия Өкмөтү ортосундагы кыргызстандык эмгек мигранттарына карата жаңы макулдашуу жактырылганы үчүн Россия тарапка ыраазычылыгын билдирген Төрага А.Жээнбеков бул мигранттарга ыңгайлуу шарт түзөөрүн белгиледи.

Соңунда тараптар Жогорку Кеңештин Төрагасынын 2015-жылдын жаз мезгилинде Россия Федерациясына күтүлүп жаткан расмий иш сапарынын тегерегинде пикир алышты. Ошондой эле ЕврАзЭШ ПААнын Бюросунун жыйынында жана ЖККУ ПАнын VII пленардык жыйынында каралган маселелер, КМШ ПААнын Кеңешинин жыйыны жана 41-пленардык жыйынында каралчу маселелерди талкууга алышты.

Эске салсак, жолугушууга эл өкүлдөрү Эркин Сакебаев, Айнуру Алтыбаева катышты.

Жолугушуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясы (КМШ ПАА), Евразиялык экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясы (ЕврАзЭШ ПАА) жана Жааматтык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЖККУ ПА) жыйындарына катышуу алкагында болду.