Рзаев1

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Санкт-Петербург шаарында Азербайжан Республикасынын Жазуучулар бирлигинин Төрагасы Анар Рзаевди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку Кеңештин Төрагасы А. Жээнбеков А.Рзаевди Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПАА сыйлыгынын лауреаты болушу менен куттуктады. Ошондой эле анын ушул жылдын 19-февралында түрк тилдүү мамлекеттердин Жазуучулар бирлигинин биринчи Төрагалыгына шайланышын жана анын чыгармачылыгы адабиятта өзгөчө орунга ээ экенин баса белгиледи.

“Ч.Айтматов атындагы сыйлыкка көп талапкер ат салышты. Мыктылардын мыктысы катары алдыга суурулуп чыктыңыз. Сиздин көп кырдуу талантыңыздан  жакшы кабардарбыз. Сиздин калемиңизден жаралган «Отелдеги бөлмө”, “Дантенин маарекеси”, “Мен, Сен, Ал жана телефон”, “Кайрымдуу падыша жөнүндө жомок”, “Беш кабаттуу үйдүн алтынчы кабаты” сыяктуу чыгармалар учурдун орчундуу көйгөйлөрүн, адамзаттын баалуулуктарын ачып берген”,- деген А.Жээнбеков А.Рзаев жазуучу гана эмес, мыкты сценарист жана режиссер катары өзүн көрсөтүп келе жатканын кошумчалады.

Анар Рзаев мындай мартабалуу сыйлыкка татыганы бир жагынан сыймыктуу болсо, экинчи жагынан зор жоопкерчилик артыла турганын жашырган жок. “Чыңгыз Төрөкулович экөөбүздүн ортобуздагы жаш курагыбыздын айырмачылыгына карабастан, ал мени досум деп койчу. Экөөбүз ага-ини катары ынак мамиледе элек. Бизди чыгармачылык бириктирген.  Андыктан, Ч.Айтматов атындагы сыйлыкка татыктуу болуш – мен үчүн чоң сыймык”, – деди А.Рзаев.

Төрага А.Рзаевдин мындан аркы чыгармачылыгына ийгилик каалады. “Сиздин жазгандан да жаза элек чыгармаларыңыз арбын. Сизге чыгармачылык эргүү каалайм. Ар дайым чыгармачылыгыңыз менен дүйнөлүк адабияттын казынасын байыта бериңиз”, – деди А.Жээнбеков.