сатылганов

КРнын Екатеринбург шаарындагы башкы консул Т.Кожобаев 21-22 декабрда Красноярск шаарында Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган «Энесайга таазим» шеринесине катышты. Бул тууралуу КРнын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу билдирди. Аталган иш-чаранын алкагында Красноярск, Новосибирск, Абакан, Улан-Удэ, Иркутск шаарларынан келген кыргыз коомчулугун активи менен жыйын өткөрүп, КРда жүргүзүлүп жаткан коррупция менен күрөшүүнүн жүрүшү тууралуу айтты. Ошондой эле, КР президенти А.Атамбаевдин жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдары дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты колдоого чакырып, биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча кеңири түшүндүрмө берди.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА