Сманалиев

– Темирлан агай, Кыргыз драма театрына директор болуп келгени ишти эмнеден баштадыңыз?

– Орус элинин “театр кийим илгичтен башталат” деген учкул кеби бар. Мунун философиялык мааниси – театр бардык жагынан төп келишип, жаркыраган ордо болууга тийиш дегенди түшүндүрөт. Ал эми кыргызда “эшигин көрүп, төрүнө өт” делет. Анын сыңарындай, алгачкы ишимди театрдын айлана-чөйрөсүн кооздоодон, жашылдандыруудан баштадым. Токой чарбалары менен сүйлөшүп, театрдын тегерегине балатыларды отургуздук, сыртын жарыктандырдык. Театр сырткы көрүнүшү менен адамды өзүнө тартып турушу керек. Мындан сырткары, театрдын жарык берүүчү подстанциясынын эскилиги жеткендиктен, аны алмаштыруу, ошондой эле театрдын ичин жасалгалоо зарылчылыктары турат.

Ал эми чыгармачылык жактан жакшы иштерди баштаганбыз. Шамиль Дыйканбаев деген башкы режиссерубуз швейцариялык атактуу драматург Фридрих Дюрренматтын “Картаң айымдын визити” деген классикалык спектаклин коюп жатат. Ага 50дөн ашык артисттер катышууда. Бул классикалык спектаклди дүйнөгө алып чыгуу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз.

Азырынча үч ай аралыгындагы аткарган иштеримдин маанилүүсү Кыргызстандагы башка өлкөлөрдүн элчиликтери менен сүйлөшүп, алардын маданиятын, адабиятын театр аркылуу чагылдырып, алардан материалдык жактан колдоо алуу жагын жолго койгондугубуз болду. Мындай досчулук, маданий байланыш аларга да пайда алып келет.

– Коомчулукта театрдын мурдагы жетекчилиги менен ортоңордогу пикир келишпестик тууралуу айтылып калды. Ал эмнеден улам келип чыкты эле?

– Кыргыз драма театрын мага чейин Марат Алышпаев жетектеди. Ал киши өз оюнда көп иштерди жасайм деген чыгар. Кызматтан кетип жатканда бир аз ичи ачышса керек. Бирок, жашоо бир орунда токтоп турбайт экен, бири кетип, бири келип, орун алмашып турат тура. Канткен учурда да мен ал кишини туура түшүнөм. Ал кишиге капа эмесмин. Бир топ өйдө-ылдый сөздөр гезиттер аркылуу айтылып кетти. Ага териккен деле жокмун. Бирок, театр ичинде тирешүү болуп жатат деген кептер маданиятка көө жаппай койбойт экен. Жамаат менен жакшы иштешип жатам. Чын пейилимден ушул театрга кызмат кылып, ушул жерде көзү өткөн залкар инсандардын арбагын ыраазы кылуу, Кыргыз элинин маданиятына салым кошуу үчүн аракеттенип иштейм.

Ал эми Марат байкенин талантын баалайм. Андай чоң, таланттуу, кайталангыс актерлор бизге керек. Ал кишинин биздин театрда иштеп, укмуштай образдарды жаратышын каалар элем.

– Кыргыз кинолору көп тартылып жатат. Чакыруулар болуп жатабы?

– Албетте, чакыруулар болуп жатат. Бирок, айрымдарынан баш тартууга туура келүүдө. Анткени, мен өзүмдү курмандык кылып, болгон аракетим, күчүм менен драма театрын көтөрүүм керек. Анткени, бул милдет мага жүктөлдү. Келечектүү артисттерди даярдап, репертуарды байытуу, элди театрга тартуу сыяктуу ири иштер алдымда турат.

Бир системадан экинчи системага өткөнүбүзгө 25 жыл болуптур. Ушул убак аралыгындагы бир муун театр, поэзия, музыка, адабият эмне экенин билбей чоңоюшту. Руханий азык жок. Бул зээнди кейитет. Ошондуктан, азыркы аракетим – ар бир муундун өзүнө ылайыктуу театр, спектакль болуусу керек деп демилге көтөрүп, аны ишке ашыруу. Бала бакча, мектептер (1-5-класстар, 5-7-класстар жана 7-11-класстагы балдар үчүн), студенттер жана чоң адамдар үчүн спектаклдерди, жомокторду койдурууну болжоп жатабыз. Биз келечектеги театр көрүүчүлөрүн азыртан ушинтип даярдай алабыз.

– Драма театрда жаңы жылдык кандай иш-чаралар болот?

– Кыргыз драма театрынын фойесинде жаңы жылдык балаты уюштурулат. Балатынын тегерегинде жомок коюлат. 22-декабрдан 15-январга чейин жалаң балдарды тейлейбиз. Кышкы каникул убагында ата-энелер балдарын алып келип, эс алдырып, майрамдык маанай менен жомок дүйнөсүнө аралаштырып кетишсе…