Сузак районунда кечээ, 26-октябрда көк бөрүү оюнунан жаралган пикир келишпестик бир адамдын өлүмүнө алып келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жаныбековдун айтымында, Сузак районунун Ачы аймагындагы Алмалуу айылында аш өтүп, улак тартыш оюну өткөрүлгөн. Ал жерде Жаңы-Ачы айылынын тургундары Карабаевдер менен Айтиевдердин ортосунда көк бөрү оюнунан соң пикир келишпестиктер жаралган.

«Бакай Айтиев деген атуул өзүн күчтүү сезип, мен ала турган улакты алдырбай койдуңар деп Карабаев Асан, Үсөн деген эгиздерди жолдон тосуп уруп салат. Алар Кыял аттуу акесине байланышып окуяны айтып берет. Ачууланган акеси Жаңы-Ачы айылынын башынан Бакай, Манас, Азиз Айтиевдердин алдынан тосуп чыгат. Айтиевдер Кыялды сабап, темир менен да чаап салышат. Ал өзүн жоготкондо ооруканага алып жөнөшөт, бала жолдо каза болуп калат. Ооруканага алып келишип, бир туугандар да жатып алышкан. Врачтар Айтиевдердин абалы жакшы экенин айтышкандыктан, аларга кылмышка шектүү катары сурак жүрдү. Сот санкция берсе камакка алынат», – дейт Нурбек Жаныбеков.

Кошумчалай кетсек, Карабаевдердин Асан Үсөн аттуу эгиздери ооруканада жатат. Бирөөсү оор абалда.

Булак: Turmush