Суудагы белгисиз зат элдин тынчын алды
ӨКМ куткаруучулары Араван-Ак-Буура каналынан сумкага салынган кызыл түстөгү суюктукту алып чыгышты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.
Маалыматка таянсак, 29-октябрда саат 15:35те Ош шаарынын Набережная көчөсү менен Мушкетова көчөсүнүн кесилишкен жеринде агып өткөн Араван-Ак-Буура каналында кызыл түстөгү суюктук (порошок сымал) сууда агып жаткандыгын айтып, ошол жердин жашоочулары жана «Төлөйкөн» айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А. Кокулов кайрылган.
КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаардык санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Кубаныч Жумабаев менен биргеликте барышып, окуяны жеринде иликтеп, Ош шаардык башкармалыгынын ыкчам кезметчисине кабар беришкен.
КР ӨКМнин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, куткаруучу шаймандардын жардамы менен сууга түшүп, суудагы болжол менен 10 килограммдык сумканын ичинен кызыл түстөгү затты суудан алып чыгышты.
Белгисиз зат Ош шаардык санэпидемкөзөмөлдөө борборуна өткөрүлдү.
Булак: Баракелде
Комментарий кошуу