раев

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, жазуучу жана драматург Султан Раев менен адабият, мезгил, коом жөнүндө пикир алышып, көз караш бөлүштүк. Назарыңыздарга жазуучу менен болгон маекти сунуш кылабыз.

– Сиз чыгармачылык эркиндик дегенди кандай түшүнөсүз? Деги эле жазуучуга кандай эркиндик керек?

– Эркиндикти чыгармачылык эркиндик же адамдык эркиндик деп бөлүп караганга, мен караманча каршы пикирдемин. Эркиндик эч качан чыгармачылык, деги эле тигил же бул эркиндик деп бөлүнбөйт деп айтаар элем. Биринчи кезекте, адам жан дүйнөсү эркин болмоюн, ал эч качан өзүн эркин сезе албайт, эркин ойлой албайт, адамдык эркиндик анын ички дүйнөсүнүн эркиндигинен, ойлоо эркиндигинен, көз караш эркиндигинен башталат, эгерде мындай сапат жок болсо, ал эч качан өзүн эркин адаммын деп айталбайт. Эркиндик деген бу абстарктуу түшүнүк эмес, мамлекеттин эркиндиги эң оболу адамдын эркиндигинен, анын ыйман эркиндигинен башталат… Ар бир адам өзү жашап жаткан коомдо эркин боло алса, ошондо  гана эркин көз карашты идеал туткан мамлекетти түзө алабыз. Эркиндик бу адамзаттын улуу дөөлөтү, ал эч качан тек гана берилбейт, ага биз ар качан, ар убак, Чыңгыз Айтматов айткандай “ күрөшкө” чыгышыбыз зарыл. Күрөш дегенде аны түздөн-түз кабыл албаш керек, анткени, жандүйнөнүн, көкүрөктүн, ыймандын , позициянын  эркиндигин сактап калуу адамга “күн сайын күрөшкө чыкканга” тете мааниге ээ. Диоген айткандай “ Өз көз карашы үчүн өлүмгө да даяр адам гана чыныгы эркин адаммын” деп айтууга  акылуу. Чыгармачылыкта эң оболу ички рухтун эркиндиги, ойлоо, көз караш эркиндиги өтө маанилүү компонент. Көкүрөк  рухунун эркиндиги жок адам, өзүн чыгармачыл эркин адаммын деп айта албайт. Эркиндик эркиндикти издөө менен гана бааланбайт, ал эң оболу чындыкты издөө менен бааланат. Чыгармачыл адам өз эркиндигин чыгармачылыктагы  чыныгы эркиндиги менен гана жарата алат…

  -Жазуучуга эң биринчи ирээтте тагдыр, күч-дарамет керектелет же бир тагдырды башынан кечириш керек делинет, буга сиздин пикириңиз кандай?

-Жазуучуга ошол жазуучулуктун өзү тагдыр, ар бир кесип дейбизби, өнөр дейбизби, ал адамдын  тагдыры  болушу керек деп ойлоймун. Эгерде, жазуучулук чыгармачыл адамдын тагдырына айланбаса, анда ал эч качан өзүн жазуучумун деп айтууга ыймандык акысы жок. Айрым учурларда, жазуучу же акын, чыгармачыл адам болушу үчүн биринчи кезекте тагдыр болуш керек деп айтып жүрүшөт, бул ойду деле мен жокко чыгарбайт элем,чыгармачылыкта эң оболу  тагдырдын адамдык ички коллизиясын, карама – каршылыгын, философиясын көрө билүү керек, тагдыр бул кайсы бир чыгарманын предмети гана эмес, ал жашоонун көркөм эстетикалык матрицасы.  Адам тагдырындагы чыныгы тагдырды көрө билүү, аны менен жашоо, аны менен ыймандык бир үндөштүктө болуу бу нукура чыгармачылык. Кээде жазуучу ошол тагдыр менен жашаш керек деген да ойлор айтылып жүрбөйбү, албетте, ал ошо тагдыр менен физикалык түшүнүктө жашабаса да, ал эң ириде анын духу менен жашаш керек, адабиятта  тагдырдын көркөм синтези, көркөм системасы болмоюн, ал тек гана фактографияга айланышы мүкмкүн. Жазуучуга албетте, тагдыр керек, жазуучу а  тагдыр менен эң оболу көкүрөгүндө жашайт. Көкүрөктөгү жашоо гана, чыгармачылыктагы сиз айткан күч – кудуреттин түгөнгүс энергетикасы боло алат.

-Бар өмүрүн чыгармачылыктын жолуна  арнаган жазуучу менен саясат айдыңына аралашкан жазуучунун  кандай артыкчылыгын  атап бере аласыз жана чыгарма жазууга да убакытты кантип табасыз да пайдаланасыз?

-Эч кандай. Жазуучу хан болобу, дервиш болобу, чоң болобу, томяк болобу, анын айрымачылыгы жок, чыгармачылкта эч качан иррархия же обочолонгон каста болбойт, ал анын кандай көркөм туундуну жарата алды, ал чыныгы руханий дөөлөттүн предмети боло алдыбы? Ушул гана айрымачылк болушу мүмкүн.  Адабият, көркөм өнөр  тарыхында мындай мааниден алып караганда көп мисалдар бар. Граф Толстой менен Достоевскийди салыштырып болбойт, ал эми жазуучулар Оскар Уайльд, Эдгар По, композитор Франц Шуберт, сүрөтчү Ван Гог , акын Уильм Блейк жакырчылыктын жеткен чегинде жашаса, акын Низами хансарай акылкошчусу, жазуучу Луи Арагон саясий партия лидери, драматург Вацлав Гавел Чехиянын президенти болгон, бирок, булардын баары гениалдуу чыгармачыл адам бойдон тарыхта изи калды.Чыгармачылык эч качан, эч убакта социалдык статус менен бааланган эмес, анын башкы критерий чыныгы таланты  менен, бийик көркөм дөөлөтү менен  бааланып  келген… Атактуу драматург, Чехиянын Президенти Вацлав Гавел өлүм алдында “Сөз менен бу дүйнөгө келип, сөз менен кетип баратам. Сөздөн мени эч качан ажыратпаган  Жаратканга ыраазымын…” деп айткан. Ал кезегинде “Мен бир күндө 24 саат президент болдум, ал эми 25 саат жазуучу болдум” деген эле. Нака чыгармачыл адам кайда болбосун, кайда жүрбөсүн чыгармачыл табияты менен калат, анткени, бул өнөр ага Жараткандан берилген өнөр, ал түбөлүктүү…

-Сөзүбүздү азыркы тапта адабият айдыңында кызуу талкууга түшүп аткан “Жанжаза” романыңызга токтололу, романдагы башкы идея менен эмнени берейин деп белсендиңиз?

-“Жанжаза” романын айланасында  кызуу талкуу жүрүп жатат. Бул табигий процесс. Ар кимдин ар кандай оюн жарата алган чыгарма гана, резонанс туудурат. Бир чети, биз көптөн бери адабияттын айланасында  кызуу сөз кылбай калдык, адабият жөнүндө сөз кылуу биздин турмуштук “обиходдон” чыгып бараткандыгы өтө өкүнүчтүү. Өкүнүчтүүсү, биз өз көкүрөк дөөлөтүбүздүн баалуулугу  тууралуу сөз кылбай, саясаттан ары чыкпай калдык. Саясат бу утурумдук нерсе, бүгүн бар да, эртең жок. Ал эми жандүйнө баалуулуктары, дөөлөтү ал түбөлүктүү улуу түшүнүк. Анткени, бүткүл адамзаттык тарыхты көкүрөк сактап, көкүрөк бүгүнкү күнгө жеткирип олтурат. “Жанжаза”  романы – ал ошол адамдын жандүйнөсү, жан эркиндиги, жанкасиети тууралуу роман. Ал өзүнүн формасы, мазмуну, стили, көркөм архитектурасы менен бир топ айрымаланып турган чыгарма деп айтар элем, анткени, азыркы дүйнөтутум  гана  татаалдашпастан, ойлоонун да татаал көз караштары жаралып олтурат.

Турмуш өзү татаалдык, анын татаалдыгын көрө билүү андан да татаал. Бул роман ушу  мазмундан алганда бүгүнкү реалдуулукка болгон менин жазуучу катары иноверсиям. Албетте, ага бааны да,  сынды да окурман берет… Бул маселенин бир чети, ал эми Сиздин сурооңузда “чыгарманын башкы идеясы эмне?” деп сурап жатпайсызбы? Деги эле жазуучу катары бу маселеге өзүмдүн көз карашымды билдиргим келет. Идея, албетте, бул дүйнөнү кыймылга салган дүйнөнүн  дөңгөлөгү. Идея бул, жашоонун да, мезгилдин да, артериясы. Ал эми биз адабияттагы идеяга, мурдатан эле таптык маани берип алганбыз, кандай идеяны козгойт же көздөйт деген тейде. Чыгармачылыктагы идеялуулук бу ар качандан,  бир качан саясий призма менен каралып келинген, негизи адабият саясий чен – өлчөм менен бааланбайт. Адабияттагы идеялуулук канча адамдын “башын жеди”, темир рамкада кармап келди, адабият ал – жандүйнөнүн  руханий камертону. Ал адамдын руханий дүйнөсүнүн азыгы болуп келген.  Айталы, кризис, кайсы кризис коркунучтуу? Экономикалыкпы, саясийби, энергетикалыкпы, финасылыкпы? Эң коркунучтуу кризис бул – руханий кризис, эгерде биз руханий кризиске кабыла турган болсок, анда биз акыры замандын дарбазасына жакындап калган болобуз. Ал эч качан тикеленбеген кризис, биз көркөм дүйнө, маданият жөнүндө сүйлөгөнүбүздө, ага мамиле кылганыбызда, ушул позициядан гана карашыбыз зарыл.     Адамдагы   адамдык  – адамдык дөөлөт менен гана сакталып келген, ал дөөлөттү көкүрөк гана жаратат, ал эми адабияттын миссиясы да ошол дүйнөнү кармап турган адамдыктын ыйман туткасы – жандүйнөнү таза сактоодо турат. Достоевский “Дүйнөнү сулуулук сактайт” деп бекеринен айткан эмес да, ошол сулуулук эң оболу жандүйнө сулуулугу, жандүйнө аркылуу гана дүйнө сакталып келген. Азыркы мезгилде ааламдаштыруу тек гана дүйнөлөшүүгө гана жол ачпастан, тескерисинче, адамдык индивудализмди, рационализмди, прагматиканы, кодду  идеалдаштырып жатат. Бу да ааламдашуу рамкасы, ал адамдагы башкы дөөлөттөрдү, көз караштарды обочолонгон саркофагка салып коюшу ыктымаал.

-Чыгармада негизги өзөк адамдын жаны менен жанкумарыбы?

-Ар бир чыгарманы,  ар бир адам өзүнүн даярдыгы менен көрөт. Сиз туура баамдагандай романдагы өзөк адамдын жаны, анын метофизикалык лабиринти,  анын ички карама – каршылыгы, философиясы, трагедиясы, тагдыры. Романдагы айрым эпизоддогу жанкумар штрихтер, бу фрейдизм эмес, ал турмуш. Аны идеалдаштырган момент да, акцент да, лобби да жок, бу тек ганатурмуштук үзүм. Андан кумарды эмес, турмушту көрө билүү керек деп ойлойм…

-Жүрөгүңүздү тепкилеген дагы кандай чыгарманын үстүнөн иштеп жатасыз…

– Азыркы күндө бир – эки жылдан бери жазып жаткан “Топон” аттуу романды бүттүм. Анын театрверсиясын “Тунгуч” театрында даярдап жатабыз. “Топон” дүйнөлүк катаклизм жөнүндө эмес, ал жандүйнөбүздөгү катаклизм, топон суу жөнүндөгү чыгарма.Топон ааламдан эмес, эң оболу адамдын жүрөгүнөн башталат, бу роман дагы адам жүрөгүндөгү топон тууралуу…

-Сөз кудуретине кандай аныктама бересиз?

-Сөз – бу дүйнөдөгү эң чоң курал. Адамзат менин оюмча, ушу күнгө дейре сөздөн күчтү куралды таба элек. Сөз тирилтет, сөз жаратат, сөз өстүрөт, сөз өлтүрөт… Сөздүн күч – кудурети ошондо… Сөз ар бир адамдын ыймандык көрсөткүчү, ыйманы. Сөз аркылуу гана, адамдын адамдыгы бааланат. Сөз адамдык цивилизациянын улуу жетишкендиги, биз эч качан  сөз аркылуу  ошо адамдык цивилизацияны талкалап албашыбыз керек… “Сөз кудайдын кулак алдында” дейт, ар бир сөзүбүздү айтаарда, аны Жараткан да угуп жатканын эстен чыгарбоо зарыл деп ойлойм…

-Өзүңүзгө өзүңүз кайсы суроолорду бересиз?

-Өзүмө  өзүм берчү суроо көп, ага жооп берүүгө бир адамдык өмүр аздык кылат…

Мээрим БАКТЫБЕКОВА