Системалуу талап-тоноодон кийин Башкармалыктан Спорт ордосунун дубалдары гана калган, деп билдирди «Спорттук имараттар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын башкы жетекчиси Эдил Касенов.

«Мен башкы жетекчилик кызматына киришкен кезде, Спорт ордосунун айланасындагы башаламан жүргүзүлүп жаткан курулуштар таң калтырды. Жагдайларды териштирүүдө мыйзамсыз курулуштар Башкармалыкка тиешелүү аймакта жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Бассейндерди муздатуучу агрегаттар жайгашкан тилкеде, болжолдоолор боюнча «KG групп» курулуш ишканасынын кымбат турак-жай имараты курулуп жатат. Арт жактагы тилке дагы жеке тараптарга сатылган. Спорт ордосунан дубалдар гана калды», – деди Касенов.

Анын айтымында, Спорт ордосуна тиешелүү тилкелерди алуу 2007-жылы башталган. Бирок маммүлктү жеке тараптарга берүү, өзгөчө масштабга акыркы 2 жылда жеткен.

«Мен баардык мурдагы жетекчилер күнөөлү деп ойлойм. Алар, көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүүлөр менен баардык жакын тилкелерди сатып жиберишкен. Ушундай эле жагдай «Спартак» стадионунун айланасында болуп жатат. Башкармалык жакынкы аймактарга, кичи ареналарга ээлик кылбай калган. Чоң арена гана калды»,- деди ал.

«Буга катар эле алар мыйзамсыз курулуштарды жүргүзүп жатышат. Алар техникалык келишимдерсиз биздин трансформаторго кошулуп алышкан. Мен бул жылдарда Спорт ордосу маанилүү электр энергиясын жоготту деп ойлойм. Укук коргоо органдары бул фактыларга көңүл бурушу керек»,- деп белгиледи Касенов.

Жетекчи Спорт ордосунун айланасындагы курулуш иштери башка материалдык-техникалык баалуулуктарга зыян келтире тургандыгын белгилеп, «Оор курулуш техникасы жол катмарын дээрлик бузуп койду. Курулуштагы өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандык биздин коопсуздукка түз коркунуч жаратат. Эгер кокус өрт чыкса өрт өчүрүүчү унаа өтө албайт. Бир кездеги кенен жолдон тар көчөгө айланган», – деди.

«Буга байланыштуу мен президентке, Маданият министрлигине, Мамкурулушка, Мамлекеттик мүлкү башкаруу фондуна жана Мамэкотехинспекцияга кайрылгым келет: эмнеге сиздер, баардыгыңыздар Кыргызстандын жалгыз Спорт ордосунун жанындагы бул башаламандыкты көрбөй, көз жумуп жатасыздар? Мен президент жеке өзү буга баа берет жана мындан ары тарыхый-маданий жана архитектуралык эстеликти коммерциялык максатта пайдаланууга жол бербейт деп үмүт кылам. Жаштар жалпы аракеттер менен таланган мүлктөрдү жана сатылган тилкелерди кайтарып аларыбызга ишенет», – деп кошумчалаган Касенов, мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз сатуу фактысын иликтөө үчүн түзүмдөр аралык комиссия түзүүнү демилгеледи.

1

2

14

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

  15

17

18

19

20

21

22

23

24

25