general12

Советбек Асанович,  бир жылдын ичинде түрмөлөрдүн абалын канчалык деңгээлде оңдой алдыңыз?

– Жаза аткаруу кызматынын аты былтыр, мурдагы жылдары Батукаевдин чыгышы, морадерлук боюнча абдан жаманатты болгон. Бул нерсе кызматкерлердин ишине да тоскоол этип, алагды кылган. Азыркы максатым – саясат менен алпурушпай, мыйзам менен иштеп, ар бир бөлүм, башкармалыктар өз милдеттерин так аткарууга жетишсе деген аракет.

Эч бир кызматкерди өзгөрткөн же ордунан жылдырган жокмун, мурдатан ким иштеп келатса, ошолор менен тыгыз иштешип кетүүгө көнгөм. Бирок, кызматкерлердин арасында тартипти так түшүнбөй же коррупцияга илингендери болду. Ушундай  жетекчилердин бир-экөөнөн арылдык, андан башка өзгөрүү деле болгон жок. Юридикалык билимге ээ болгон жаштарды атайын бөлүккө, өз системабызга көндүрүп, үйрөтүп жатабыз. Биздин алдыбызда 2 айлык курс бар, иштеп келгендерди жана жаңы алынгандарды анда окутабыз. Түркияга да кызматкерлерди жөнөтүп окутуу планыбызда бар.

Быйыл Кылмыш жаза, Жаза аткаруу, Кылмыш процессуалдык, Жарандык кодекстерге өзгөртүү, толуктоолор кирип, кабыл алынып калса, анда да чоң реформалар башталат. Антпесе, абдан көп адамдардын укугу тебеленип жатат. Буюрса, реформа болот деп ишенем. Пробация деген кызмат бар, өнүккөн чет өлкөлөрдө. Кылмыш кылган адамды биринчи күндөн баштап өз карамагына алат дагы сотко чейин бул адам жөнүндө билип, өз корутундусун берип, “соттогондон кийин жабык абакка жибербей,  карамагына өткөрүп, көзөмөлдөп, аны коомго пайдалуу адам кылып берүүгө милдеттенме алат. Сот кылмыш жасаган адамдын оор же жеңил кылмыш жасаганына карап, эгер жеңил болсо пробация кызматына өткөрүп берет. Бизде майда кылмыш жасаган адамдын баары жабык абакка түшүп, психологиясы ого бетер бузулуп жатпайбы. Түрмөлөрдө азыр тарбия берүү деген таптакыр жокко эсе. 80 кишиге бир киши жооптуу болуп жатса, ал кантип тарбиялайт да кантип жетишет? Майда кылмыш кылгандар менен оор кылмыш жасагандар аралашып отурганда бири-бирин бычак менен сайып салбасын деп кайтарабыз. Пробация кызматын киргизсек, майда кылмыш жасаган адамдарды тарбиялап, оңдоп, кайра үй-бүлөсүнө өткөрүп бермекпиз.

Пробация кызматы качан ишке кирет? Ага канча каражат керек?

– Бул кызмат кирсе прогрессивдүү өзгөрүүлөр болот. Мыйзамдарга өзгөрүүлөр кирсе, жакында аны инспекциянын базасында түзөбүз. Ал кызмат майда кылмыш кылган адамдарды каттоого алат. Алар окуп, иштеп, кадимкидей эле жүрө берет, бирок дайыма көзөмөлдө турат. Эгер бул кызматты ишке ашырсак, абактардагы адамдардын 50%ы кыскарат.

Бишкектеги №1 СИЗОдо жаткан адамдар сыртта жүргөн адамдарды алдоо, коркутуу аркылуу 2014-жылы эле 15 млн. сомдой топтоп алганы анык. Дегеле ал жерде ар кандай шылтоо менен акча чогултуулар көп болот деп айтышат. Ички тартипти канчалык ирээтке келтире алдыңыз?

– СИЗОдо отургандардын тагдыры 1 жылдын ичинде чечилиши керек. Сот аны күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп тапкандан кийин ал түрмөгө кесилет же акталат. Бизде соттун чечимин 5-6 жылга чейин күтүп СИЗОдо отургандар бар. СИЗОдо отуруу кээде айрымдарына майдай жагат. Анткени, СИЗОдо отурган 1 күн 2 күн деп, 6 жыл отурса, 12 жыл отурду деп эсептелет. Ошондуктан, кээ бир кылмышкерлер убакытты созуп, ал жерден чыккысы келбейт. Эгерде 5 жылга соттолгон адам болсо, ал СИЗОдо 1 жыл отурса, 2 жыл отурган болуп эсептелип, түзөтүү колониясына 3 жылга барат, амнистияга илинип калса, 6 айдан кийин эле чыгып кетет. Көбү ушундай жолдор менен 2-3 жылда эле бошонуп чыгат, элдин “бат эле чыгып калды го” деп таң калгандары ушундан. Биз бардык түрмөлөрдүн ичи-сыртын көрүп туруу үчүн видеобайкоолорду орноттук. Ичинде ким басып жүрөт, ким эшикти ачып чыкты, ким кирди, машина кайда баратат, конвойлор кандай иштеп жатат, баары камерадан көрүнүп турат.

Телефон алдамчылыгы болгону чын. Түрмөлөрдө телефондордун байланышын өчүрүп салуучу аппараттарды орнотсок, түрмөлөргө жакын жашаган үйлөрдөн арыз түшүп, аларды кайра алууга аргасыз болдук. Ушул себептүү шаардын ичинде андай аппараттарды кое албай, карама-каршылыктарга туш болуп жатабыз. Эми үйлөрдөн алыс жайгашкан түрмөлөргө коюудабыз. Камераларга атайын рейд кылып, кылмышкерлерден 4 миңден ашык телефон жыйнап алдык. Азыр жетекчи катары менден баштап ар бир кызматкер түрмөлөргө телефон менен кире албайт. Видеобайкоодон баары ачык көрүнүп турат.

Түрмөлөрдө иш менен камсыз кылуу жолго коюлганбы?

– 2013-жылдын жыйынтыгында бардык жабык абактар 9% жумуш менен камсыз болсо, 2014-жылы түрмөлөр 25% жумуш менен камсыз болгон деп жылды жыйынтыктадык. Абактарда негизинен тигүү цехи, эт өндүрүүчү, нан жасоочу, чек араларга коюлуучу зымдарды жасоочу, темирди иштетүүчү, жыгач өндүрүүчү цехтер иштеп жатат. Алтын өндүрүү боюнча да фабрикага 500 киши беребиз. Түркиядан жардам сураганбыз, ал жерден жабдуулар келсе дагы иштер башталат. Биз муну менен колонияда жаткан адамдарга кесип берип жатабыз, алар түрмөдөн чыккандан кийин ишке жөндөмдүү болуп, үй-бүлөсүн бакканга жарайт.

Түрмөлөргө берилүүчү тамак-аштардын тендери кандай өтүп жатат? Дегеним, эттин ордуна башканы берет, же тамак-ашты үнөмдөшөт деп айтышат.

– Кудайга шүгүр, тамак-аш боюнча арызданганы жок. Бир соттолуучуга күнүнө 80 сомдон ашык, ал эми кургак учук менен ооругандарга 146 сомго тамак берилет. Тендер боюнча мурда мыйзам бузуулар болгон экен, азыр жок. Тендерде комиссия, байкоочу кеңеш мүчөлөрү бүт карап турат. Бара-бара сатып алуудан арылсакпы деп турабыз, анткени, айыл-чарба азык-түлүктөрүн өзүбүз өндүрүп, түрмөлөрдү камсыздасак, ундан макарон, кесме иштеп чыгууну колго алсак деп турабыз.

Нариман Түлеев өзү отурган түрмөнү оңдоп-түзөп койду деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

– Чындыгы да бар, өзү отурган № 47 колонияга футболдук талаа жасады. Ал абакта отургандар үчүн ден соолугун чыңдаганга, таалим-тарбия алганга бир топ жардам берет. Түрмөлөрдө абдан көп көйгөйлөр бар, анын баарын бир адам жоюп коюшу мүмкүн эмес.

Жалпысынан өлкөдө канча абак бар?

– 6 СИЗО, 11 түзөтүү абагы жана 14 жатак абак бар, эми булардын саны көбөйөт. Былтыр бир жылда эле 3 түрмө курулду, мындай союз маалында болгон эмес. Молдовановкадагы № 31 колонияга европалык стандарттагы 3 кабаттуу оорукана курдук. Андай оорукана Кыргызстанда жокко эсе. Ичине бардык медициналык жабдуулар, жумшак эмерек жана керектүү шаймандардын баары коюлган. Муну эл аралык “Кызыл жарым ай” коому каржылаган.

Мындан башка, 7 жылдан бери өмүр бою соттолгондор үчүн түрмөнүн курулушу бүтпөй турган, дээрлик бүтүп калды. Ал башка түрмөлөрдөн кескин айырмаланат, анда видеокамера, канализация, тазалоочу жай курулууда. 150 метр жерден таза суу чыгардык, андан жанындагы айылдар да пайдалана баштады. Убактылуу кармоочу жайлар келечекте ар бир облуста болушу керек. Түштүк аймакта үч облус болгону менен сотко чейинки адамдардын баары Ош шаарында гана кармалып келген. Анын дагы эскилиги жетип, 800дөй адамды араң батырат. Ар бир облуста соттор бар, сот процесстери күнүгө болот, мисалы Баткенде сот болсо, Ошто СИЗОдо отурган адамды ташып барып-келип туруш керек. Ушундай кыйынчылыкты жоюш үчүн Жалал-Абадга СИЗО курдук, жакында ишке берилет. Баткенде СИЗО үчүн жер бөлдүрдүк, 2 жылда анын курулушун баштайбыз.

Өмүр бою соттолгондордун саны канчага жетти?

– Баары 297 киши, саны дагы өсүп баратат. Экөө жакында кошулат.

Өмүр бою эркинен ажыратылгандар да абак ичинде иштейби?

– Иштөөгө укугу бар, бирок аларга шарт түзүп бере албай жатабыз. Камераларда кол өнөрчүлүк, устачылык боюнча алектенишсе болот.

Алардын басымдуусу канча жаштарда?

– 20-40 жаштарда.

Башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашуулар болуп турабы?

– Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму быйыл сентябрда Кыргызстандагы абактардын абалы менен таанышып, Европа өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо министрлери, анын орун басарлары, дүйнөлүк мыкты медиктердин катышуусундагы чоң конференцияны Бишкекте өткөрөт. Бизде “Таза зона” бар. Баңгиликтен баш тартам деп чын ниети менен кайрылгандарды ошол жакка жаткырып, дарылайбыз. Анда “Атлантис” программасы менен иштешет. Ал жер өзгөчө чөйрө, баңги же аракечтик жөнүндө сөздөр таптакыр айтылбайт. Жакшы шарттар түзүлгөн, китепканасы, столяр цехи, европалык стандарттагы бардык жабдуулары коюлган. Ошол жерден абактардан тандалып келген баңгизатка алдырган 50 кишини биротоло айыктырып чыктык. Анын ичинде чоң кызматтарда иштегендери да бар. Кайталабашы үчүн көзөмөлдөп турабыз. Мындай тажрыйба Борбордук Азияда, ал тургай дүйнөдө жок. “Таза зонага” кызматкерлерден башка адам кире албайт. Башка зоналарда деле ооругандарды дарылайт, бирок бул акыркы тазалап чыгуучу аймак. Биз тажрыйба алмашуу үчүн Казакстан, Түркия, Азербайжан, Кытай ж.б. өлкөлөрдүн да жаза аткаруу кызматтарынын жана түрмөлөрүнүн башчыларын чакыралы деп жатабыз. 

Сымбат МАКСУТОВА