Сириядагы Кобани шаарында «Ислам мамлекетиндеги» боевиктер менен болгон байланышы үчүн эки адам өлтүрүлдү. Анын бири 15 жаштагы өспүрүм.

The Independent басылмасына шилтеме берүү менен Lenta.ru маалымдагандай, мындай жазалоону күрттөр тарабындагы исламисттер менен күрөшкөн «Ракки революционерлери» («Революционеров Ракки») бригадасы ишке ашырды.

«Эки адам эки күн мурун өлтүрүлдү. Алардын бири – 15 жаштагы өспүрүмдү башына атышкан», – деп билдирет Сириянын адам укуктары боюнча обсерваториясынын башчысы Рами Абдуррахман.

Уюмдун маалыматына ылайык, акыркы эки күндүн ичинде эле 70 исламист өлтүрүлдү.