кар кутртку1

2014-жылдын 29-ноябры саат 08:00гө карата республиканын аймагындагы кырдаал боюнча КРнын ӨКМнин билдирүүсү: 2014-жылдын 28-ноябрынан 1-декабрына чейин жаап өткөн жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл.

Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы-Премьер-министрдин 2014-жылдын 20-ноябрында чыккан №21 буйругунун аткаруу мөөнөтү 2014-жылдын 1-декабрына чейин узартылды.