Snow-in-Scotland-Britain-003

2014-жылдын 7-9-декабрында Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,  кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы 7-9-декабрда бир кыйла төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын     өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, кээ бир райондордо -25° суукка чейин, күндүз -7…-12° суук, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -6…-11° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн  -28…-33°, күндүз  -18…-23° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн  -38…-43°, күндүз -25…-30° суук болушу күтүлөт.

Мындай аба-ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.